"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ата-бабалардын мурасы

21 Июль 2020 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 445

Азыр бизде Ата-бабалар колдонгон өсүп жатткан даары чөптөрдү колдонбойбуз же билбестик же Ата бабанын жолун унутткандык айтор көп чөптөрдүн касиетин билип алалык урматуу окурман
Алтын тамыр
Бул гүлдүн тамыры, тамырын казып алып, кургатып, муундарга суук тийгенге колдонулат. Тамырды аракка чылап, буту, колго сыйпаган.
Бул гүлдүн тамыры, тамырын казып алып, кургатып, муундарга суук тийгенге колдонулат. Тамырды аракка чылап, буту, колго сыйпаган.

Бөрү карагат
Бул тоолуу жерде өскөн карагат. Карагатты терип келип, кыям жасап, кадимки тумоо болгон, көк жөтөл болгон адамга берген. «Миңдин бири» деп дайым колдонушкан. Бөрү карагаттын тамырын казып алып, кургатып, аны кайнак сууга салып, ысык бойдон ичишкен. Ал кан басымга, бөйрөккө, боор ооруга пайдасы чоң болгон.

Ит мурун
Мөмөсүн терип, кайнак сууга чылап коюп, боор ооруга, ашказан оорусуна пайдаланышкан.

Эрмен
Гүлдөгөн кезде терип алып, сууга салып, кайнатып, ички органдарга суук тийгенге ичип келишкен. Кийизди күбө куртунан сактоо үчүн эрмен бышкан кезде терип алып, кийиз менен кошо ороп, жыйнап коюшкан.

Мамыры гүл (Эрвазин, эделвейс)
Бул чөп тоолуу бийик жерде өсөт. Чөптү август айында катып кете электе терип алып, кургатып, ич өткөктө кайнатып ичишкен. Азыркы тетрациклин дарысында эрвазин (эделвейс) кошулмасы бар.

Уйгак
Кадимки жаш баланын оозулуу оорусуна уйгактын мөмөсүнүн күлүн (күйгүзгөндөн кийинки калдыгы) пайдаланышкан.

Төө таман
Томолок жерде өскөн тикенек чөп. Тоголок бойдон омкоруп, топурагын тазалап, тамырын сууга кайнатып, боорго дары катары колдонушкан.

Ат кулак бүрү
Ат кулак сентябрь айында бышып, бүрү кызыл болуп кургайт. Аны сыдырып алып, чайдай кайнатып, кызыл жана ысык бойдон ичи өткөн адамга берген, жардамы өтө чоң.

Уу коргошун
Бул кургатылган өңүттө колдонулат. Кайнак сууга уу коргошундан салып, кайнак боюнча (ысык) кезинде эки чыны ичип, жылуу жатыш керек. Уу коргошундан баш бармактын тырмагындай гана бөлүгүн салуу керек. Калганын пайдаланбоо керек.

Дүлөй
Жайлоодо өсөт. Козу карындай болуп топтошуп чыгат. Адамдын оозу (эрини) эзилип, айыкпай жаткан мезгилде дүлөйдүн ичин аарчып, ичиндеги күлүн (чаңын) күбүп, кабыгын кесилип жаткан эринге жаап, ал жер айыккан

Арча
Арча жыттуу, пайдалуу дарак же бадал түрүндөгү өсүмдүк. Ал дайыма көк-жашыл болуп, жаратылыштын көркүнө көрк кошот. Арча жаратылыш шартына жараша бирде коюу, бирде суюк өсөт. Адамдар аны абаны тазартуу жана дары-дармек жасоо үчүн да колдонушат. Кыргыздар байыркы убактан эле арчадан түрдүү турмуш-тиричилик буюмдарын (бешик, айырмач, идиш-аяк ж. б.) жасашкан. Арча токою Кыргызстанда 316,7 миң гектар аянтты ээлейт. Ал таштак жерлерге да өсөт. Кургакчылыкка чыдамдуу келет. Жер кыртышын кыян-селден сактоого жардам берет. Азыркы кырдаал пандемияга каршы дагы үйдү убак убагы менен арчалап турса абада жүргөн микроп вирустар өлөт деген кеңеш бермекчибиз.
Маалыматтар ушул сайттан алынды👇👇

Кыргыз эли колдонгон дарылар


Даярдаган: Жибек Мелисова