"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Мектептик китеп канада кыргыз тил китептери жетишсиз»

26 Март 2015 жыл 22:20
Көрүүлөрдүн саны: 88

         А.Сопиев атындагы №19 мектебинин китеп канасында кыргыз тил, адабият,жана балдарга арналган жомок китептер, адабий китептер,кыргыз тилчи мугалимдерге усулдук китепчелер жокко эсе. Аталган мектептин китеп канасындагы китептердин басымдуу бөлүгү советтер союзун жана орус жазуучуларынын китептери

image

. Бул мектептин  китепканачысы Жамийла Ашырбаева китепкана китепке, өзгөчө кыргыз тилдүү жана адабий китептерге жарды экенин белгиледи.

image

» Биздин мектепте кыргыз тил жана адабият, мугалимдер үчүн методикалык китептер жетишсиз, жок десек да болот. Китепканада көпчүлүгүк бөлүгү илгерки союз учурундагы  китептер алып келинген андан бери фондго китеп түшө элек.
Биз китептердин  фондун адабий китептерге толтуруш үчүн биз демөөрчү табышыбыз керек. Андан сырткары китептерди алып кетип жоготуп ийишсе балдар кайра табыштарын талап кылабыз»- деп билдирди.
      Бул мектептин кыргыз тил адабият мугалими Айымбүбү Бегимбаева окуучулардын адабий китептерге болгон суроо талаптары күчтүү бирок окуучуларды  канатаандырарлык китептер жок экенин билдирди.
» азыркы учурда китепканада көркөм адабий китептер, кыргыз тилинин сөздүктөрү, кыргыз акын жазуучуларынын чыгармалары болуш керек болчу, алар жок болуп жатат. Айабай эле биздин китепкана китепке жарды.»- деп билдирди.
  Кыргыз тилин өркүндөтүүдө китептердин орду чон экени талашсыз » Ааламга кетчү жол, айылдан башталат» дегендей эле өзүбүздүн китепканада жетиштүү денгээлде адабий китептер болсо, окуучуларга жакшы болмок.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.