"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жетекчилик орундарда айымдардын ээлгенен орду,коомдук көз караш

15 Май 2019 жыл 20:30
Көрүүлөрдүн саны: 94

Азыр саясий же кандайдыр бир жогорку жетекчилик орундарганда айымдардын аз болуусу көпчүлүккө көрүнүктүү иш. Аткаруу бийликтеринде айымдар да салым кошушса, өнүгүүнү дагы да болсо тез нук менен жүрмөк деген ойлор жаралат.

Айылдык тургундардын көз карашында, калыптануусунда көбүн эсе айымдар үй кызматын кылуу керек деген ой менен чектелип калган жана сурамжылоонун негизинде дагы тургундар илгерки ой менен калыптанып калган. Заман талабына ылайык билимдүү айымдарга үйдөө отурбастан, жетекчилик орундарда кызмат кылса, коомубузда кыйла өнүгүү жүрмөк.
Эмне үчүн? Депутат, губернатор, аким, өкмөт кызматында айымдарыбыз жокко эсе?
Ысык-Көл облусунун Түп районун Карасаев айыл аймагын Токтаян, Чоң-Тогузбай, Тасма айылдары камтыйт. Аталган аймактын борбору Тасма айылында жайгашкан. 2017-2018-жылкы статистикалык маалыматка таянсак аймакта эркек кишилердин саны: 0-15 жашка чейин-811, 16-17-жашка чейин- 72, 18-62 жашка чейин 1547, 63жаштан жогору 101 киши жашайт. Жалпы:2531. Ал эми айымдар 0-15-жашка чейин 728, 16-17-жашка чейин 78, 18-57-жашка чейин 1248, 58 жаштан жогору 216, жалпы: 2270 айымдар жашайт.

Карасаев айыл аймагындагы жалгыз депутат айым Күлүм Конокбаева өзү менен кесиптеш айымдар болсо, маселени бирге чече алмакпыз, жалгыз мен эркектер менен маселе чечүүдөө талаша албайм дейт өз билдирүүсүндө.
“Мен депутаттыкка талапкерлигимди элдин ой мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн колумдан келген жардамды берүү үчүн койгом. Депутаттыкка төрт айым талапкерлигин койгон, алардын ичинен мен жалгыз өттүм. Депутат болгонума эки жылдын жүзү болду. Мен азыр коомдук уюмдарда иштейм. Таза сууда жайытта колумдан келген өзүмдүн иш аракеттеримди жүргүзүп жатам. Мен айымдардын көп болуусун каалайт элем. Себеби, үч- төрт айым бириксе бир нерсени аягына чейин аткарууга аракеттенишет. Мен жалгыз болгондуктан эркектер менен бир нерсени талаша албай калам. Депутаттыка талапкерлигимди коюп жатканда эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Элдер өздөрү ишенишип, мени депутаттыкка шайлашты. Элдердин суроо талаптарын аткарууга аракеттенип жатам” дейт Күлүм Конокбаева.

2016-жылы өтүлгөн жергиликтүү кенешке талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган Тасма айылынын тургуну Сагынай Осмонакунова шайлоо учурунда үгүт иштерин алып барган жокмун, бирок эркектер үгүт иштерин башкача алып барат экен деп баяндайт.
“Мен Карасаев аймагындагы Тасма айылында жашаймын. Мен 2016-жылы жергиликтүү кеңешке талапкерлигимди койгом. Бирок, өткөн жокмун. Айыл өкмөт боюнча 4 айым талапкерлигин койгон, бир айым өттү. Калгандар өткөн жокпуз. Бары бир айымдар эркектерге караганда көбүрөк маелени көтөрүп чыкмак деген жекече оюм жана аялдарга, балдарга тиешелүү маселелерди, мектепке тиешелүү маселелерди жана бала бакчаларга тиешелүү маселелерди аялдар көбүрөк көтөрүп чыкмак деген оюм бар. Менин оюм боюнча көп деле тоскоолдуктар болгон жок. Бирок, эркектер баары бир бөлөкчө чуркашат экен. Мен чындыгында талапкерлигимди койгондо агинтация кылган жокмун. Элдин өзүнө койдум, айттым. Таза өзүңөрдүн көңүлүңөр менен таза оюунар менен шайлап бергиле деп айттым. Чуркап, агитация кылып, элге эч нерсе берген жокмун. Аткаруу бийлигинде аялдар болушун каалайт элем. Заман жакшырмак дейм. Аялдар бары бир журөетөрү назик, ийкемдүү, көп иштерге жөндөмдүү болот. Көтөрүлүш, согуштар болбойт эле деген оюм бар. Аялдар назиктик менен жакшы жагына көбүрөөк чечишет” дейт.

Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде башталгыч классынын мугалими Элвира Атагелдиеванын айтымында айымдардын үй-бүлөдө мүмкүнчүлүгү, иштеген чойрөсүндө түшүнүү жана бардык жерде теңчилик болсо иш жакшы нук менен жүргүзүлөт деп билдирет.
“Шайлоонун өткөнүү көп болду. Шайлоо ачык эле өттү деп ойлойм. Бизде айымдар көп шайланган жок. Биздин айыл өкмөттө бир депутат айым бар Конокбаева Кулум эже. Кулум эже өзү бул айыл өкмөттө суу жагында иштейт, көптөгөн жакшы иштерди алып барып атат. Аялдарга жардамы тийип эле атса керек, көптөгөн чогулуштарды өткөзөт. Көпчүлүгү шайлоодо Күлүм эжени аялдар колдоду. Анын арасында биз деле бар болчубуз. Жакшы эле иштер болуп жатат, аял киши эмнеге иштей албасын, иштей алат. Мүмкүнчүлүк бериш керек. Биринчи орун үй-бүлөөдө мүмкүнчүлүк болуш керек, иштеген чөйрөсүндө түшүнүп, ал жерде бардык теңчилик болсо, иш жакшы эле болот деп ойлойм. Эгерде Башкармалыкта же кандайдыр бир кызматта аялдар жетекчилик ордун ээлесе да болбой калат. Эки тараптан тең болушу керек. Билимдүү болсо, иш алып бара алса болот.
Биздин аймакта Гендердик окуу-түшүнүүлөр бар, болуп жатат. Бул жакта депутат айым бар анын жардамы менен жана өзүнчө программалар менен иштеп атат. Тренингдер, семинарлар болуп жатат. Акырындык менен айымда өздөрүнун укугун билип, түшүнүк алып жатат. Сөзсүз эле эркектерден өйдө болуш эмес, өз укугун билип, алар деле өздөрү мамлекетке салым кошорун сезсе, билимдүү болсо, жөндөмү болсо иштеп кете алат. Өнүгүүгө салым кошо алышат. Мисалы: биздин айылда самын, жүндөрдү иштеткен айымдар бар” деп өз оюу менен бөлүштү мектеп мугалими Элвира Атагелдиева.

Карасаева айыл аймагынын 9-чакырылыштагы депутаты Кадыркул Асанбаев бул убакка чейин эки айым депутат менен иштешкендигин айтат. Ошондой эле айымдарга сезимтал мамиле кылып, түшүнүп жаткандыгы сөздөрүнөн байкалды.

«Айылдык Кеңеште Токтоян айылы боюнча 8 талапкер келген.Ар бир талапкерлигине экиден болчу.Эки айым койгон, экөө тең өтпөй калды.Бешинчи талапкер Карасаев айыл өкмөтүнүн айыл кеңешине койгон эки айым бар болчу.Бирөөсү мурун депутат болуп кеткен мурунку чакырылышта чогу иштегенбиз Бейшембиева Динар деген айым менен жана Гулназ аттуу жаш келин. Экөө бешинчи, алтынчы орундарда болгон. Гендердик теңчилик деп жатпайбызбы аялдар менен эркектердин ортосунда мурдатан тоскоолдуктар болуп түшүнүшпөй келишкен.Бирок укуктук мамлекет болгондон бери гендердик теңчилик чечилип баштады. Жогорку Кеңеште деле депутаттар отуруп атат. Айылдык кеңеште деле аялдар менен чогу көп маселелерди талкуулап чешчибүз.Аялдардын айылдык кеңеште депутат болгону дагы жакшы.Анткени көп чечилбеген маселелер чечилиши болот дайыма аялдарга кайсыл убакта болбосун КОРМ берилиши керек деп ойлойм.Себеби, эркек депутаттар чече албаганды аял депутаттар чечиши мүмкүн көп жерден.Көп аялдар балдар менен үйдө отурушат. Азыркы коомдук көйгөйлөр менен көбү акча маселесине кирептер болушат.Материалдык жактан дагы көбүнчө аялдарга балдарды караш керек, багыш керек акча маселеси чечилсе жакшы болот эле.Өкмөт төрөлгөн эле балдарга берип коюп атат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бере албайтта ошон үчүн биздин социалдык бөлүмү иштеп атат. Биз деле берип атабыз социалдык маселесин чечип алсын, аз болсо да социалдык жөлөк пул берилсин деп, кол коюп берип атабыз.Жетекчилик орунда аял жолдоштор иштесе жакшы эле болот. Көбү чече албайт. Бирок чеччү маселелер бар деп ойлойбуз.Курулуш тараптары оор болот, бирок, көрктөндүрүү, дастаркон жагынан жакшы чече алышат. Аялдар иштесе иши илгери болот деген оюм бар.Турмуш шартка байланыштуу аялдардын көбү келе албайт экен. Айылдык кеңеште булар көп убактысын бөлүш керек. Үй-бүлөнү да кароо туруп атат. Аялдарда көбүнчө ушундай иштерге катыша албай калып атышат деп ойлойм, шарттары болсо бала бакча болсо, аялдардын маселелеринин көбү чечилип атат. Турмуш шартында кир жуу, камыр жууру сыяктуу жумуштар аялдын моюнунда болгондуктан. Мындай иштерге аялдардын көп аралаша албайй калганы ошондон деп ойлойм»деп өз оюу менен бөлүштү.

 Даярдаган: Гүлназ Жумагулова