"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ысык-Көл органикалык биргелешкен уюмдун мүчөлөрү даары чөптөрдү жана как кургатуучу аппараттарды иштетүүдө

21 Сентябрь 2019 жыл 4:40
Көрүүлөрдүн саны: 310

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Ыссык-Көл органикалык биргелешкен уюмдунда иштеген Эркинбек Дюшебаев как кургатуучу аппарат менен ал эми Сагынай Осмонакунова даары чөптөрдү алып кургатышууда.Бул как жана даары чөптөрдү кургатуу Ысык-Көл органикалык уюмунун жетекчилиги алдында иштелип жатат.


Аталган уюмдун мүчөсү Эркинбек Дюшебаевдин билдирүүсүндө

«Ысык-Көл органикалык коперативинин жетекчилиги астында как кургатуучу аппарат келди.Биргелешкен эл аралык проект боюнча «Юнидо»деп коёт.Бул жерде Кыргызстан, Россия, Слованияныкы биригипкургатуу үчүн проект жазганбыз. Ошого карата үч районго Түп, Жети-өгүз, Ак-суу райондоруна бөлүнүп берилген.Кургатуучу аппараттар келип, экөө биздин айылга бөлүндү.Анткени, Тасма Тогузбай айылында баш аягы 28үй бүлө Ысык-Көл органика коперативинде мүчөбүз.Биз ошондой даары чөптөрдү таза органикалык өсүмдүктөрдү, мөмө-жемиштерди өстүрүү боюнча иштейбиз ошонун негизинде проект боюнча келди.
Какты атайын кесип даярдаш керек мисал үчүн өрүктүкүн данегинен ажыратып,36лист бар ошонун ар бирине беш килограммдан батат.Аларды өзүнүн температурасына чейин үч уровень менен ысыйт 67градуста кургатканда 100% нымдуулук 12 саатта абрикос каргайт.Алманын өрүктүн деги эле баардык өсүмдүктөрдүн кактары кышында мисал үчүн сактай албай калган жерге түшүп калган мөмө-жемиштердин чирип эле калып аткан ошолорду как кылып кургатып койгондо алардын сакталышы жакшы анан бүт баардык азык заттары болот,организмге аябай пайдалуу.Кышында кактарды кампот кылып ичсе болот.Анткени, витаминдер жана азык заттар сакталуу болот»деп билдирди Эркинбек Дюшебаев

Тасма айылынын тургуну Гүлкайыр Такырбашова өз оюн төмөндөгүдөй билдирди «Мен рамашканы беш килограммдан өткөрдүм он сомдон.Терип туруп эле алып бардым кургатпай эле.Рамашканын даарычылык касиеттери көп экен өзгөчө аял кишиге анан дагы толтура пайдалуу жактары бар болуш керек.Түрлүү оорууларга пайдалуу деп атышкан менин угушум боюнча ошол.Рамашканын даарычылык касиеттери менен башка өлкөлөргө жөнөтүлөт болуш керек»деп өз оюн айтты айыл тургун

Ысык-Көл органикалык коперативинин мүчөсү Сагынай Осмонакунованын билдирүүсүндө «Бул чөптөрдү алган себебибиз мен Ысык-Көл органикалык коперативинде иштейм ошол Ысык-Көл органикага биз органичнский өсүмдүктөрдү өткөрөбүз ошол себептен алып жатам.Чөптөрдү кургатып форматический даары жасаганга беребиз, биз азыркы учурда Ысык-Көл органикага деп бизге сунуштагандар көп болуп атат. Биз азыр Эко флориске берип жатабыз. Рамашканын көп пайдалуу жактары бар дагы көптөгөн оорууларга пайдалуу»деп айтып өттү Сагынай Осмонакунова


Даярдагандар:Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова