"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп: Айыл тургундары малинанын жаңы сортун отургузушуп башташты

14 Апрель 2023 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны: 70

Түп районунун Тасма айылында Россиядан келген «Полька» сортундагы малиналарды айыл тургундары отургузушуп башташты. Малина башка жемиштерге салыштырмалуу жакшы бакса мыкты түшүм берет.

Айыл тургуну Рысбек Саадабаевдин айтуусу боюнча ал буга чейин малинанын ордуна картошка сээп, алма өстүрчү. Бирок акыркы жылдарда алардын түшүмдүүлүгү начарлап киреше алып келбей калгандыктан, малина отургузууну туура көрдү.

Малина бакчасы

«Биз малинаны интернеттен көрүп, элдердин көп отургузуп жатышканына кызыгып калдык. Биз да сээп көрөлү деп, алмалардын баарын бузуп, жерлерди эки сыйра иштетип, малинага даярдадык. Малина ала турчу жерге эрте арыз жибердик анан 30%ин эрте төлөп малина келгенден кийин калганын төлөдүк. 1400түп көчөт алып отургуздук.Отургузуп өз күчүбүз менен багып сугарып жатабыз. Азыркы убакта суу бир аз жетишпей жатат. Айылыбздагы Калмак-Арык каналына суу келе элек болуп суу жагынан кыйналып жатабыз. Элдердин малиналарына, башка жемиштерине да суу керек. Бул көчөт Россиядан келди, сертификаты бар   «Полька» деген сорт. Кеч күзгө чейин түшүм берет деп атышат. Элдер аябай көп алып жатышат эң аз алганда эле миңдей түптөн.Биз да 1400түп көчөт алдык. 1000түпкө  чейин алсаң 40сомдон, 1000көчөттөн ашык алсаң 35сомдон экен. Отургузганыбызга бир аз болсо дагы өнүп баштады эми түшүмүн эле күтүп атабыз. Малинанын пайдасы аябай көп анан биз дагы эч кандай химиялык заттар менен эмес таза өстүрүп жатабыз, экспорттогонго да жакшы болот. Малинаны сепкенден кийин биогумусту отургузуп, чачтык. Быйылкы малина бир аздан, кийинки жылкы түшүмдөрү мындан да көп берет экен. Быйыл эле сепкенге анча бага элекпиз азырынча сугарып эле анан бир азда ото чыкса ошолорду тазалап калганын кийин да көрөбүз. Малинаны семиз жерге отургузса жакшы. Арыз жиберсек сатуу үчүн өздөрү келип идиштерин берип, алып кетишет», -дейт айыл тургуну.

Малина өстүргөн багбан Рысбек Саадабаев

Ал эми ушундай эле малина отургузган айыл тургунунун айтуусунда малинадан кыям, компот жасаса жана тоңдуруп коюп ооруганда ичсе абдан пайдалуу экендигин айтты. Дагы башка түрлөрүнөн отургузуп, келечекте мындан да көбүрөөк кылып, сатыкка чыгарсам дейт Кундуз Шалтабаева:
«Малинаны биз өзүбүз жегенге отургуздук. Жылда үйдө малина бар болчу анын сорту жакшы эмес болду, түшүмдүүлүгү аз болду. Жашылчалар да оорушат да ошентип эле алар да оорушуп, курт — кумурскалар жабыркатып жакшы түшүм бербей калган.

Малиналардын аралыгы 50смден болот

Анан быйыл ал малинанын түбү менен кыркып жок кылып, түшүмдүү сорттогу малинаны отургуздук. Кыргызстанда мындай малинаны мурда деле отурузуп жатышыптыр, бирок биз үчүн жаңылык болду «Полька» деген сорту. Андан сырткары андан да түшүмдүү, жаңы 2017-2018жылы селекционерлер тарабынан ойлонуп табылган сорттор бар экен  «пшехиба», «маравилла» деген ошол соттордон да алып келип 20-30дай түп отургуздук. Алардын да түшүмдүүлүгү абдан жогору,малинанын да мөмөсү абдан чоң болот экен. Ошол себептен да отургуздук. Кийин балким бара — бара сатыкка көбүрөөк кылып отургузабыз деген үмүттө. Малинанын сорттору ар кандай болот. Мисалы, быйыл эле отургузганда быйыл эле түшүм берчү сорттор бар, быйылкы өскөн бутактарында эмдиги жылы түшүм берчү сорттор болот жана жайы бою түшүм берчү сорттор болот. Ремонтантый сорт бар ал — жайында бир берип анан күзүндө да гүлдөп байлап түшүм берет.

Малинаны суугарып жатканда

Азырынча биз сатпайбыз өзүбүз жегенге, кыямдарды жасаганга, туугандарга бергенге эле отургуздук. Кийин малина жакшы түшүм берип отргуза турчу көп аянт жер болуп, өзүбүздөн ашып, сатканга жарап калса анда азыр бизде Кыргызстанда «Малина- клубника өстүрүүчүлөр ассоциациясы» уюштурулуп атат, ал ассоциациянын жетекчилери чет өлкөлөр менен Европа өлкөлөр менен Япония мамлекети менен келишимдерди түзүп атыптыр Кыргызстанда өндүрүлгөн малинанын, клубниканын, чычырканактын, ежевика деген жакшы мөмө бар ошолордун түшүмүн чет өлкөгө сатканга жол издеп атышат, себеби Кыргызстанда мындай мөмөлөр абдан даамдуу болуп, өзгөчө даам менен өсөт экен. Кыргызстанды малинанын, карагаттын, ежевиканын мекени деп да атышат. Малинаны башка өсүмдүктөрдөй эле жаздан баштап жайы бою күзгө чейин азыктандырып туруш керек.

Ал биздин органикалык малдын чириген кыгы жайдын ортосунда тооктун кыгын сууга эзип аны менен суугарыш керек. Абдан көп жумуш да. Анан жазында анын баарын буташ керек, майда бутактарынын баарын кесиш керек суюлтуп,отош керек арасын, жайында тынбай терип анан күзүндө кайра мөмө берген бутактарын кыйып чыгыш керек. Негизи малинаны багуу абдан оор. Малинаны отургузуп туруп эле суугарып коюп жата берсек, анда абдан жайылып кетет, мөмөсү жайылып кеткенде да арасына көлөкө түшүп азык талашып бири-биринен мөмөсү майдараак, даны азыраак болуп калат. Кээде ото бастырып же аябай жайылтып ийген маалда такыр эле мөмө да бербей калышы мүмкүн. Оору менен ооруйт аябай жыш отургузган малиналардын  түптөрү чирийт. Анан малинага кол салуучу курт — кумурскалар да көп болот:чымындар, көпөлөктөр ошолор да оорутушу мүмкүн да.Бирок ошол оорчулуктардын баарын малинанын буркураган жыты, даамы, кыям жасасак, тоңдурсак, компот жасасак анын пайдалуулугу утуп кетип атат, ошол үчүн малинаны отургузуп багуу өзүнчө бир сонун нерсе болуш керек.»


Малинаны отургузгандан кийин ар кандай органикалык жер семирткичтерди да себиш керек. Малина менен бирге карагаттын да түрлөрүн отургузушууда. Азыркы учурда экспорттогонго да мүмкүнчүлүк көбүрөөк.

Айназик Кубатбекова