"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

,,Тасма айылындагы жаш скульптор Азат»

26 Январь 2015 жыл 15:20
Көрүүлөрдүн саны: 91

Тасма айылында.  А.Сопиев   атындагы №19 мектебинин окучусу  Азат Тилекбеков көп жылдан бери пластилинден ар түрдүү нерселерди жасап келет. Ал пластилинден ар кандай темадагы чыгарманын каармандарын жана жаныбарларды жогорку деңгээлде жасайт.
Азат  өзүнүн таланты жөнүндө жана келечекте мыкты скульптор болгусу    келээрин билдирди:,,мен бош учурумду бекер кетирбестен ар түрдү нерсрлерди жасайм, мисалы Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды жана жаны эле бийчи Атай Өмүрзаковду да жасадым. Мен бул нерселерди кичинекей кезимде эле абам экөөбүз жасачубуз ошондон бери кызыгып жасап келем. Мындан ары да өзүмө жаккан ар түрдүү нерсрлерди көбүнчө жаныбарларды жасагым келет жана жасайм»-деди ал
Эсенкан Токталиев кол эмгек сабагынын мугалими жана ,,Жаш чеберлер» ийриминин жетекчиси. Ал Азаттын өтө так жана тыкан экенин Азаттын жасаган иштерин көрүп келечекте Кыргызыстанга салымын кошкон мыкты скульптор болоруна ишенерин билдирди:,,Азат мектепте өзүнүнүн жаштар жааматында бизде,,Чебер колдор» куржогу иштейт ошол жерде өзүнүн активдүүлүгү менен мыкты иштерди жасайт. Бул 2011-жылдан 2013- 2014-жылы жакшы көрсөткүчтөрдү бере алды. Азат Өзүнүнүн  иштеринде негизинен  көркөм иш аракеттерди жасоодо өтө чеберчилигин көргөзө алды өзгөчө скульптура жагында бул жакта чопо жана пластилинден иштөө боюнча активдүүлүгүн көрсөтө алды. Ушул жасаган иштери боюнча Түп районунда 1-орунду облус боюнча  2-оорунду ээледи. Негизинен бизде 5-6-7-8 класстарда кол эмгек сабагы өтүлөт ал эми 9-класстарга өтүлбөгөнүнө байланыштуу кыскартылды. Бирок Азат кол эмгек сабагын  окубаса да ушул мезгилге чейин активдүүлүгүн көрсөтүп катышып жатат. Конкурска барууга даяр.Азаттын жөндөмдүүлүгүнүн өхгөчөлүгү айткан нерселерге так, негизи бизде атайын адис болбогондуктан биз үстүртөн карап жатабыз эгерде атайын адис болгондо бул бала мындан да өнүгүп кетмек»-деп билдирди.
Биз дагы келечекте Азатты мыкты скулптор болушун каалайбыз. Даярдаган: Айгерим Кубатбекова. Чынтурсун Турдуматов.