"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Кыргыз жерине суктангаган япон кызы»

22 Март 2015 жыл 6:25
Көрүүлөрдүн саны: 240

Тасма айылына 2012  -жылы Jica эл аралык жардам аркылуу ыктыярчы болуп келген Японка Май Сасакий. Ал эки жыл келишим менен аталган айылдагы    самын жамаатта иштеп кеткен, Кыргызстанды сагынып сегиз айдан кийин кайра эс алганы келди. Ал Кыргызыстандын жаратылышын, элдеринин ынтымактуулугуна баа берет.

image

Кыргызстанга эмне максат менен келдиниз?
«Эки жылга мен ыктыярчы болуп келип, Кыргызстандын элдерине жардам берип. Мен дагы бул жерден Кыргызстандын маданиятын жана жашоосун үйронойун деп келдим. Бул жерде жашоо башкача  да Японияда Элдер шашып журушөт, бул жерде болсо баары бакчаларда             картошка, буудай остуруп балдарын багышат оздору үй да салып алышат биз андай жасай албайбыз да»         
Эмне себептен эки жыл буткөндөн кийин кайра келгиниз келди?
» мен тамактарды, элдерди, тоолорду, малдарды сагынып японияда мындай жок анан келдим»     
Сизге Кыргызстандын эмнеси жагат?

image

» Мага бул жердин элдери жагат. Тамактары да абдан табийгый таза, даамдуу . Анан жаратылышы тоолору малдары абдан жагат да»
Кыргызстандын эмнесине тан каласыз?      
» Азыркы Японияга караганда Кыргызстандын уй булолору көп жана ынтымактуу анан жакын болот. Бизде үй булөлөр жалгыз жашагандар да коп Кыргызстанда үй бүлө деген чогуу болуш керек деген бар да алар дайыма конокко барып турушат бири бириникине. Ушул жакшы  деп ойлойм. Мага бул жер абдан жагат Кыргызстандын маданиятын үйрөнүп Японияда да мындай жашагым келет. Көп балалуу болуп үй булөм менен жашагым келет»- деп билдирди.
Япон кызын эмгекчилдигин Кыргызыстандагы үй бүлөсү төмөндөгулөргө токтолду.

image

«Май Сасакий биз менен келишимдин негизинде эки жыл биздин үй булө менен жашады.Өз кызыбыздай көрүп абдан көнүшүп калганбыз Кыргыздын салтын үрп адатын, жашоо турмушун ал тургай кыргыз тилин  да таза суйлочу бул жерге келээрде окуп үйронуп келет экен биздин үй бүлө менен суйлөшүп жатып терендетип үйрөнуп алды. Япон маданияты менен бизди тааныштырды. Ар бир жасаган иштер кылдат, талыкпай эмгек кылып    таза, тыкан кыз болчу. Эки жылдык келишим бүтүп, ал өз өлкөсунө кеткен. Сегиз ай        өткөндөн кийин Кыргызстанды сагындым деп бир жумага эс алганы келди. Японияда жургондө да ар дайым чалып биз менен сүйлөшүп турат дайыма кат жазат»дейт Анаркул Эсенбаева.
Жогорудагыдай Япон Кыргыз элинин кызматташтыгы, ынтымагы улана берсин.

image

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.