"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мал багуучулар чыгымга учурап жатышат

23 Март 2015 жыл 1:33
Көрүүлөрдүн саны: 128

Айыл тургундары негизги иши мал чарбачылык болгондуктан, ар бир үйдө бул көйгөй  кездешүүдө өткөн жылы кургакчылык  болуп тоют толугу менен камсыз болбогондон айыл тургундары чыгымга учурап жатышат.Айыл тургуну Жениш Канаев малы чыгымга учурагандыгын төмөндөгүдөй баяндап берди:
«Быйылкы жылы  эми чөп начардыгы эгиндин чабылбай калышы ошол себептен  оору болду оорунун анализин таба алган жокпуз. болгон уколдорду сайдык бирок, козу салды козулар өлдү чөптүн сапаты жок болду жалаң саман бердик,  сатып алган чөбүбүз кымбат. Алдын алуу үчүн кандай аракеттерди жасадыңыз?Алдын алуу үчүн уколдорду сайдык натыйжа берген жок.»
Быйылда ушундай болсо сиз кандай чечим кыласыз?
-«Малды азайтып тоютту сапаттуу топтогонго аракет кылабыз, азыр эгин айдаганга мүмкүнчүлүк жок болуп атат, өкмөттөн чечим керек адам керек кандай келип атканын көрүп атасыңар сүт өткөргөн жерибиз 12-14сом араң бир байламды бир күндө жеп койот 200- 300  сом болуп атат кийинки өнүгүүгө мүмкүнчүлүк жок ошол болгону. »

image

Мал чарбачылык менен алектенген  Абдылдаев Качкын быйылкы жыл оор болгондугун баса белгиледи.        «Быйыл тоюттун аз болгондугуна байлыныштуу чыгым бир жашта торпок өлүп калды өлгөн себеби сырттан келген. Кара беде  күчтүүлүк кылып,   арык мал көтөрө албай ошондон ашказаны  иштебей калып өлүп калды.»
-Алдын алуу үчүн кандай аракеттерди жасадыңыз?
» Алдын алуу үчүн астын кургактап тоютту аз болгондугуна байланыштуу өлчөп, аздан берип, суусун убактысында берип тузун астына коюп туура мамиле жасап аткандыгына карабай эле торпок жайыттан өлүп калды.
-Быйылда ушундай болсо сиз кандай чечим кыласыз?
«Быйыл эрте жазда тоютту эрте камдаганга аракет кылып, мол тоют даярдаш керек жемин чөбүн камсыз кылгандан кийин анан кышкысын камын  туура толук  бергенге аракет кылып, ветеринардык жардамдарды  өз убагында уколун сайып, ушундай  алдын ала кам көрөбүз «.

image

Мал багуу оңой иш эмес буюрса, быйыл жаан — чачын болуп тоют көбүрөөк болуп малды аман эсен баксак малдан көбүрөк киреше алып айылдын элдеринин  турмушу оңолот деген ишенимдебиз .

 

      malchylar-chygymga-uchurap-zhatyshat

Даярдаган: Нурлан кызы Перизат, Бейшебаев Саламат.