"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Тосколдууктардын баарын женип өткөн адам»

23 Март 2015 жыл 18:30
Көрүүлөрдүн саны: 133

Тасма айылынын тургуну Мээрим Мукаева мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан ыр жазып,белгилүү жазуучуларыбыздын чыгармаларын да окуп келет.

image

Ал тургай жөн гана отура бербестен үйдө кичине бөбөгүн багуу менен алектенип келет.
Бул тууралуу Мээрим эженин келини Нурзада Муратова буларды айтат:
-Бош убактыларында бала карайт.Андан тышкары телефон менен ыр жазып калат.Ошол үйдө эле.
Мээрим эженин жакынкы кошунасы Зина эже «кошунасынын ар ишке жөндөмдүү экенин» баса белгилеп өттү.
«Кошуна ыраазы болмоюн,кудай ыраазы болбойт» демекчи, Зина эже Мээрим эженин кылган иштерине таң калып,кээде ыраазы да болоорун  жашырган жок.

image

Ошо Мээримди 1994-жылдан бери жакшы билем.Мээрим кичинекейинен эле оорулуу болгонуна карабастан өтө зээндүү, акылдуу,зирек кыз.Ал болсо оорулугуна карабастан жалаң жакшы тарыхый китептерди көп окуйт,чоң-чоң чыгармалардын баарын окуйт.»Сынган кылычты» эки үч жолу кайталап окуду,Талстойдун китептерин,»Война и мир «деген чыгарманы да эки жолу окуду мен билгенден.Ошо мүмкүнчүлүгү чектелсе да үй бүлөсүнө жардам берет,ырларды жазат.Бөбөгү бар аларды карайт,үйүнө аябай чоң жардамдарды берет.Болгону оорулуу  эле болгону болбосо акыл эси-акылдуу.Биздикине келип сүйлөшүп олтуруп кетет.Курортторго барып келип турат.

      TOODOJ-TOSKOOLDUKTU-ZHENGEN-TASMA-AJYLYNYN-TURGUNU

Элибиздин табийгаттын талантын баалагандар ар дайым бар болсун дейли.Эл ичинде ар дайым  таланттуулардын саны арбын боло берсин демекчибиз.

Даярдаган:Айдай Амантурова
Темирбек кызы Бекзада.