"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

9–май майрамы быйыл жылдагыдан өзгөчө майрамдалды

2 Апрель 2015 жыл 19:47
Көрүүлөрдүн саны: 86

Тасма айылында Улуу жеңиштин 70жылдыгы майрамдалды бул туралуу Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков буларды билдирди:

image

«Бүгүнкү майрам чынында абдан чоң майрамдардын бири быйыл Улуу жеңиштин 70жылдыгы белгиленип жатат.Карасаев айыл аймакта дагы 223адам согушка катышыкан экен анын ичинен 132си согуш талаасында курман болгон 91и айылга кайтып келип каза болгон.Ошол согуштун катышуучулары азыр биздин айылда жок калды, тылда иштегендерден баардыгы 5адам болгон.Улуу жеңишке карата жеңиш паркы оңдолду,ушул күнгө чейин согуштан кайтып келгендердин ысымдары жок эле,азыр эми гранит ташынан 91атабыздын ысымдары түшүрүлдү.9–май майрамында сый тамактарга  22миң сом бөлүндү,ал эми спорт оюндарына 10миң бөлүндү жалпысынан бюджеттен 32миң бөлүнгөн.

image

–Ардагерлерге айыл өкмөтү тарабынан жардам көрсөтүлдүбү?
Баардык ардагерлерге  22миң  сомдон бөлүнүп берилди андан сырткары биз сый тамагын да уюштурганбыз
–Жалпысынан Карасаев айыл өкмөтүндө канча ардагер бар?
  Азыркы учурда ардагерлерден бирөө да калган жок,тылда эмгектенгендерден 9бар»
–Албетте жеңиш майрамы баардыгыбыз үчүн эң ыйык күндөрдүн бири эмеспи,бул майрам өзгөчөлөнүп көңүлдүү өтүүдө мындан аары дайым тынчтык болуп турсун дейт майрамдын катышуучусу:      
«Быйылкы жылдагы майрам өзгөчөлөнүп өтүп жатат окшойт Улуу жеңиштин 70жылдыгына карата жакшы даярдыктарды көрүшүптүр ошону менен бирге
окуучулар айыл өкмөтү уюштурган канцерт көңүлдүү өтүүдө.

image

Жеңишти багындырган аталарга–агаларга кандай кылып ыраазычылык билдиресиз?
Булардын атынын ар бир тамгасына таазим кылып ыраазычылык билдирип,кылган жакшылыктарын эч качан унутпайбыз.
Мындан аары жер жүзү дүйнө эли кандай болсо дейсиз?     
Эл журтума тынчылык каалап,бүгүнкү гүнкүдөй асманыбыз ачык болуп,ушундай майрам күндөрүбүз көп болсун»    
–Согуш күндөрү тылда эмгектенген Мукамбет ата ал күндөрдү эстеп буларды баяндап берди:  
«Мага өкмөттүн көтөргөнү,саюзга рахмат саюз да көтөргөн,өкмө Ишол саюз тарагандан бери эле көтөрүп келатат.9—майда Караколго бардым ал жактан параходко түшүрдү,тамак аш берди,балдарды ырдатты,салдаттарды бастырды жакшы сыйлашты баарына чоң рахмат.

image

  Согуш болуп жатканда сиз канча жашта элеңиз?
Мен согуш болуп жатканда калмак арыктын үстүн гүрөк менен казчум,мен ошо 1943–жылдан баштап өкмөттүн жумушун жасадым,ал кезде 3–класс окучум анан окудан чыгып кеткем.Анан тамактын айынан калхоздун сокосун айдап калдым,эми менин корбөгөнүм көр болду эми силер көрбөгүлө андайды,биз жүргөндү силер жүрбөгүлө аябай жаман заман
болду»
Эл үчүн мекен үчүн жан аябай эрдик көрсөткөн аталарыбызга таазим.
  
Даярдаган:Айдай Амантурова     

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»