"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты начар абалда»

2 Апрель 2015 жыл 20:04
Көрүүлөрдүн саны: 105

image

Карасаев айыл өкмөтүнүн Тасма  айылындагы үй бүлөлүк дарыгерлер тобу эмгектенген имаратын абалы начар. Бул имарат Тасма айылынын так ортосунда оорун алган, канча жыл өтсө дагы бул имаратка оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес
бул туралуу кененирээк үй бүлөлүк дарыгер фелдшер Айгүл Саадабаева төмөндөгүлөргө токтолду.

image

«жер титирегенден кийин курулган алгач бул жер мектеп деп ишке кирген,1989- биз бул жерге киргенбиз.  Андан бери 45 жыл болду ошол жылдан бери чоң ондоп түзөө иштери болгон жок, кичине оңдоолор болуп турат сырдап, актап. Азыркы учурда тамчы кирген жерлер бар ичи көк жыттанып турат. Жылуулук болсо мектеп учурунда турба бар болчу азыр анысынын бары өчкөн жылуулук жок. Азыр кышында 2 бөлмөдө печка жагып иштеп жатабыз. Жаз келгенде ар кимибиз  башка бөлмөлөргө киребиз. Бул имараттын үстүнөн көгүчкөндөр кирип жарабай баратат эл деле көрүп жатат. Биз иштегенге кышында эки бөлмөдө азыркы заманда тар бөлмөдө иштеш кыйынчылыктарды туудурат. Бул жерге балада, чоң да келет, оорулуу келет соо келет дегендей»-деп билдирди дарыгер айым.
  Айыл тургуну Куйалиева Гүлүпа үй бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имараттын абалы канаттандырбаганын белгилеп өттү.

image

  » Кыштын күнү баардык бөлмөлөр иштебейт бир эле бөлмө иштейт. Азыркы талапка жоопберген болсо жакшы болот эле. Кышкысын биздин айылда суук абдан болот, бороон чапкын да көп болуп турат. Түпкө баралбайбыз өзүбүздүн ооруканага келебиз көп учурда кыйналып калабыз» — деп билдирди айыл тургуну.
Карасаев айыл окмотунун жерге жайгаштыруу жана муниципиалдык жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Усонов Нурбек:

image

«Бул имарат айыл окмоттун балансында  турат, бирок ондоп тузоо иштерине райондук ГСВ жооп берет. Сесеби биз алардан салык албайбыз, ошондуктан ондоп тузоо иштерине биз жооп бербейбиз»- деп билдирди.
      Жогоруда айыл тургундары билдиргендей районго алыс болгондуктан, бул ооруканага келип кайрылышат ошондуктан бул имараттын абалы канаттандыраарлык жана ынгайлуу шартта болсо деп ойлойбуз.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова. Чынтурсун Турдуматов.