"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Өрнөктүү иши менен элинин эсинде калган Асан агай.

2 Апрель 2015 жыл 21:10
Көрүүлөрдүн саны: 68

       

image

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл жмгектен эскерсин»- сдеген сөз бар эмеспи  Бүгун биз сөз кылчу инсан өрнөктүү иши менен элинин эсинде калган Сопиев Асан 1834-жылы Тасма айылында дыйкандын үй- өүлөсүндө туулган. Асан агай «Эл агариуунун отличниги», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Район ичинде көптөгөн мектепиерде директорлук кызмат өтөгөн, кайсы жерге келбесин өзү детектеген мектебине сөзсүз жаңылык кийрип, жаңы курулуштарды куруп кандай гана мектеп болбосун алдыңкы катарга кошчу деп белгилешет. Тасмада директор болуп иштеп бул мектептин колективинен 14 мугалимди райондуг ар кайсы мектептерине директорлук кызматка даярдаган Сопиевдин жетекчилигиндеги Тасма орто мектеби райондо сегиз жыл катар 1- оорунду ээлеп келген, 1991-жылы облус боюнча «жылдын мектеби» наамына ээ болгон. 1986-жылы баардык шартары бар үч кабаттуу мектеп курдуруга жетишкен. Эмгегигин терең баалап 1993-жылы 26-майда көзүнүн тирүү кезинде эле мектепке Асан Сопиевдин атын түбөлүкө алып жүрүү үчүн беришкен.

image

Сүрөттө. Сопиев Асан салдырган мектеп
  Азыркы учурда аталган мектепте Асан агайдын уулу биология сабагынан, келини кыргыз тил сабагынан мугалим болуп эмгектенишет. Айым Бегимбаева бир жагынан кайын атасы экинчи жагынан жетекчиси болгон Асан агайга ар дайым суктанарын жана сыймыктанаарын билдирди:

Асан агай менен 25 жылдай чоогу иштешкен Айсалкын Байгашкаева

image

        учурда ардактуу эс алууда, Сопиевдин жардамы менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкенин жана чындап эле мыкты жетекчи экенин белгилеп өттү.
» Мен Сопиев менен 25 жыл чоогу иштедим. Эң алгач мугалим болуп келип шартка байланыштуу  башталгыч класстарга мугалим болуп кеткем өзүмдүн спесиям боюнча математик. Мен ушул жыл ичинде Сопиевдин жетекчилиги  элден башкача мүнөздүү эле эмне дегенде  өтө тактыкты, тартипке  көңүл бурчу эле,  башында көп  көналбай, кыйналып жүрдүм андан кийин мугалимдер үчүн кылган мамилеси өтө кам көрчү, негизи чынчылдыкты сүйгөн адам эле чынын айтсан түшүнүп калчу эле. Агайдын аркасы менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштик район ичинде, облус ичинде биринчиликти ээлеп турчубуз. Мугалимдердин эмгегин абдан баалачы агайдын аркасы менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Агайдын мугалимдерге койгон талабы азыркыга чейин эсимде»- деп билдирди Айсалкын Байгашкава.
     Асан агайдын окуучусу азыркы учурда мектепте география сабагынан мугалим болуп эмгектенген Ороз Саадабаев агайды мындайча эскерет.

  » мен мектептин директору болгон Сопиев Асан агай менен чоогу да иштештим мугалимим да болчу. Чындыгында райондогу республикадагы эң алдынкы аватыр мугалим болуп эсептелет, себеби ал абдан эмгекчил болгон мектеп үчүн өзүнүн жанын берген мугалим болгондуктан ССРдин мугалимдер союзунда делагат болуп барып келген. Сабак берүүдө өзүнүе методикасы абдан күчтүү болчү ал окуткан окуучулардын баардыгы мыкты окуучу ар бир сабакка даярданып келип мыкты, ар бир сабагы көрсөтмөлүү окуучулардын эсинде кслгандай болуп өтүлчү. өтө мыкты жетекчи болчу сүрдүү баарына тең караган агай эле»- деп билдирди Ороз Саадабаев.
    
   Жогорудагыдай элинин керегине жараган мыкты инсандарды эч ким унутпайт.

image

Сүрөттө. Сопиевдин музейи
Даярдаган Айгерим Кубатбекова.
«Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынакка»