"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: «Айылдагы каргалар айыл тургундарына зыян алып келүүдө»

2 Апрель 2015 жыл 19:45
Көрүүлөрдүн саны: 64

 

image

  Тасма айылы бак-дарактуу болгондуктанбы айтор айылда каргалар абдан көп. Алардын зыян жактары да жок эмес, ар дайым тынчтык бербеген үндөрү, айлананы булгаганы, талаадагы дыйкандардын эгиндерин дагы жеп чоң зыяндарды алып келип жаткандыгы тууралуу айыл тургундары билдиришүүдө.
«Ак шоола» жамааты жайгашкан имараттын жанында да каргалар көп болгондуктан алып келип жаткан зыяндарын белгилеп өтүштү.
» Карганын зыян жактары көп, иштетпейт, ызы чуу, тынчтык бербейт, башыбыз ооруйт, эшке чыксак сасык, иштегенибизге тоскоол болот  жүндөрүбүздү булгап кетет. Ал эле эмес талаадагы эгиндерди да койбойт терип жеп кетет»
Баардык нерсенин оң жагы,сол жагы болот эмеспи, карганын башка пайдасы бар деп ойлойсузбу?
«Жоок карганын пайдасы жок, андан эмне пайда болмок эле»-деп билдирди Анара
 

image

Айыл тургуну Айнура Маамытова
жайында туристер келгенде же телевидениядан кишилер келгенде абдан тоскоол болорун жана жайында баккан жөжөлөрүн да каргалар илип кетээрин, билдирди.
«Каргалар бизге көп зыяндарды алып келип жатат. Мисал үчүн азыр эгин себилип жатат ошол эгиндердин баарын терип жеп кетип жатат. Карагайлардын үстүнө уя салышкан аяктан балапандары түшөт боктору түшөт алардын бяктын баарын кык кылып бүтүштү, сөз угузбайт. Мектептин тегетегинде, эстеликтин жанында абдан көп ар кандай иш чаралар болот, ар кандай адамдар келет ошол учурда эмне сөз сүйлөп жатканын угузбайт карганын эле үнү угулбайт. Карганын пайдасы жок болуш керек. Көп эле канаттуу куштардын пайдасы бар, бирок карганын пайдасы бар дегенди уккан эмесмин. Алма бышкандан баштап эле чокуп жеп элге эмне деген зыянды алып келип жатат.  Кайсы жерде чоң бактар болсо ошол жерге уя салып алышкан трасаларда да бар жолдорду булгашат. Ушуга бир чара колдонсо жакшы болмок.»- деп билдирди
А.Сопиев мектебинин биолия сабагынан берген мугалими Венера Жаманакова жаратылыштагы ар бир нерсе бири- бири менен тыгыз байланышта экенин алар бири бирисиз зыянга учураарын белгиледи.

image

«Жаратылыштагы ар бир нерсе бири- бири менен байланышта болот, жаратылышта бири эле жок болуп калса экинчисине таасирин тийгизиши мүмкүн. Карганын жаман жактарын көбүрөөк айтабыз эгерде карга жок болсо анын жаратылышка тийгизген жакшы жактарынын баарын жаман жактарын басып кетиши мүмкүн мисалы карга деле курт кумурскаларды жейт бактардын башындагы куртарды жеп пайдалуу жагын да келтирет. Ал эми зыяндуу жагы айлана чөйрөнү булгап мектептин тегерегиндеги тазалыкты булгап кирдетип жатат экинчиден бизге мөмө жемиштерге зыян алып келип жатат деп көп айтабыз бирок карга жок болсо жаратылыштагы тең салмактуулук сакталбай калышы мүмкүн»-деп билдирди Венера Жаманакова.

image

Бул маселе эки жака тең зыян алып келбегендей болуп чечилишин каалайбыз.
«Клооптун журналистика мектебийе катышуу үчүн сынак

   Даярдаган: Айгерим Кубатбекова