"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: » Чыргайда свет маселеси чечилүүдө. «

2 Апрель 2015 жыл 19:46
Көрүүлөрдүн саны: 118

image

Тасма айылынын жаңы конушу Чыргайда көптөн бери чечилбей келе жаткан свет маселеси чечилгени жатат. Бул жаңы конушта алтымыш түтүн эл жашайт, жергиликтүү тургундардын демилгеси жана Карасаев айыл өкмөт тарабынан акча бөлүнүп берилди, мындан сырткары айылдан чыккан жеке ишкер Стал Акматов жана аким тарабынан дагы жардамдар көрсөтүлүп жакшы жагына чечилгени турат. Бүгүн аким, айыл өкмөт жана тиешелүү адистер менен жыйналыш өттү жыйналышта болгон аракаеттерин жумшашарын  билдиришти. 
   Жаңы конуштун тургуну Баян Асанакунова конуштун тургундары да бул маселени чечүүгө колдон келген аракеттерин жасап жаткандарын билдирди:

image

   «Биз бул жердеги 60 түтүн ар бирибиз 2000 (эки миң) сомдон чогултканбыз азыр жүз миңдей акчабыз бар элдин салымы. Айыл өкмөт тарабынан да жардам беребиз деп жатышат буйурса жакшы жагына чечилет деп ойлоп жатабыз. Бүгүн мына облустан да кишилер келди биздин катыбыздын жообун алдык. Андан сырткары дагы спонсорлорубуз бар. Баардык жактан чоң жардам күтүп жатабыз.»- деп билдирди Баян Асанакунова.
    Түп райондук РЕСтин началниги Бакыт Сабатаров керектелүүчү инстурментердин баардыгы келгенде бекер орнотуп беришерин билдирди:

image

          »  Бул маселе демөөрчүлөрдүн жардамы менен жана конуштун тургундары менен биргелешип чечилгени жатат, буюрса күзгө чейин чечкенге аракет кылабыз. Биз бул жерге жардам кылып Түп рестин атынан бекер мыйзамдуу орнотуп берели деп жатабыз.»-деп билдирди Бакыт Сабатаров.
  Буга чейин биз жаңы конуштун тургундарынын свет маселесине коңүлүңүздордү бурган элек, убакытын өтүшү менен бул маселе да чечилгени турат. Бул маселе чечилип жатканы баардыгыбызды кубандырбай койбойт.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
   «Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынака»