"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:Жаш бөбөктөр алгачкы китеби алиппе менен коштошушту.

2 Апрель 2015 жыл 20:04
Көрүүлөрдүн саны: 74

image

А.Сопиев атындагы №19 Тасма мектебинин 1- классын аяктап жаткан окуучулардын «Кош алиппем» аттуу майрам болуп өтту, бул майрам жыл сайын жаз айында майрамдалып келет. «Бала тили бал» дегендей, 8ай мурда эле эч нерседен капарсыз жүргөн бөбөктөр ушул убакытта кадыресе көп нерсени үйрөнүп калышкан. Бүгүн алар  үйрөнүшкөн  ырларын, бийлерин көргөзүшүп келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.
    Бүгүнкү майрамдын коногу Айсалкын Байгашкаева небересин көрүп толкунданганын жашырган жок.
«Бүгүнкү майрам жогорку денгээлде өттү.  Эмне дегенде балдарыбыз тыкандыкка, өзүн-өзү алып жүрүүгө, окуучулук эрежени толук сактоого үйрөнүшүптүр. Баардык материалдарды так, туура айтканга жетишишиптир. Эйейи да  абдан аракет кылыптыр ишине ийгилик. Менин өзүмдүн балам ушунчалык эрке, көп сөздөдгө тили да жакшы келбечү мен ушунчалык денгээлге жетет деп деле ойлобоптурмун. Мына бүгүн берилген тапшырманы так аткарып ушундай ырларды айтып, бийлеп жаткснына мен кубанып турам»- деп билдирди Айсалкын Байгашкаева.

image

Сүрөттөгү  1- классты аяктап жаткан баласы Эмир менен чон энеси Айсалкын Байгашкаева.
Мугалимдик кесип ары ардактуу, ары татаал кесип эмеспи ушундай кесипти аркалаган Айнура Кайкиева  бүгүн окуучулар ата- энелерине ушул убакка чейин үйрөнгөндөрүн тартуулашты:

image

» Бүгүн окуучулар үйрөнгөн ырларын, жанылмачтарын, макал-лакаптарды, жомокторду аткарып беришти. Алар биринчи жолу сахнага чыгышып  өнөрлөрүн тартуулашты. Ата-энелерин кубандырышты, мен дагы бүгүн аларды көрүп толкундандым.»- деп билдирди 1- классынын мугалими Айнура Кайкиева.
Бүгүн 1-класстын окуучуларына каало-тилектер айтылды, ошолордун баардыгы кабыл болушун каалайбыз.Жаш бөбөктөрдүн бүгүнкүдөг майрамы ар дайым болуп турсун!
«Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынака»
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.