"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата кызуу даярдыктар жүрүүдө»

2 Апрель 2015 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 98

image

Быйыл Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата жер- жерлерде кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

Тасма айылын «Жеңиш паркында» жайгашкан Улуу жеңиштин урматына курулган эстелик 1987- жылы,  курулган. Ошондон бери оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Быйыл Карасаев айыл өкмөтүнүн бюджетинен атайын акча бөлүнүп оңдоп түзөө иштери жүрүп жаткан учур. Карасаев айыл өкмөтү боюнча  Улуу Ата Мекендик согушта 132 адам согуштсн каза болгон. Ал эми согуштан аман эсен келип каза болгон адамдар Тасма айылынан 38адам   Тилекке каршы азыркы учурда Карасаев айыл өкмөтү боюнча бир дагы ардагер калган жок. 
Тасма айылдык кеңешинин  депутаттарынын төрөгасы.Масылов Кыдырмыш

image

быйылкы жеңиштин 70 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүгө аракет кылып жатышкандарын жана согушта эл жери үчүн курман болгондор эч качан унутулбаарын билдирди. «Бул эстелик курулгандан бери оңдоп түзөө иштери жүргүзүлө элек. Быйыл Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата жалпы айыл өкмөтүнүн, айыл тургундарынын, айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси менен 201000(эки жүз он миң) сом бөлүнгөн. Мына ошого кайрадан эстеликтин тегерегинин баардыгын тартипкке келтирүү жана оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүгө акча бюджеттин эсебинен бөлүнгөн. Мындан сырткары анын тегерегинин баарын жашылдандыруу коруу максатын көздөп азыр иштеп жатышат»-деп билдирди айылдык кеңештин төрөгасы.
Карасаев айыл өкмөтүндө эмгектенген Айнакан Кемпирова

image

» эстелик ремонтолот, андан сырткары Ардагерлерди 5 тылда Кызмат кылгандар, 4 согуштун   ардагерлеринин аялдарына белекке, сый тамакка, желекче,шар,гүлдөр жана башкаларга айыл өкмөт акча бөлгөн 2230 миң сом эстеликтеги жазуулар жакшыртылат, жана келип каза болгондордун аты мурда жазылган эмес ошолор жаңыртылат»- деп билдирди.
Айыл тургуну Үсөнов Майрамбек канчадан бер көңүл сыртында калып жаткан бул эстелик быйыл оңдолуп түзөлүп жатканы жакшы көрүнүш экенин белгилеп өттү.
» Бул эстелик 1941-1945- жылдары курман болгондорго арналган эстелик эле. 1990- жылдары курулган ошондон бери 24 жыл болуптур бир дагы оңдоп түзөм иши болгон эмес, мына быйыл өкмөт тарабынан кароого алына баштады. Бул Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталаарыбыз үчүн турган эстелик эле ошолордун арбагын сыйлап » Арбактар ыраазы болбой, тирүүлөрдүн иши жүрбөйт»- деп коет кыргызда. Ошондуктан эстеликти жакшылап карап тегерек башын тазалап туруу ар бир адамдын милдети деп эсептейм.»-деп билдирди Үсөнов Майрамбек.
Улуу Ата Мекендиик согушта курман болгон ар бир инсан, Тынчтык үчүн, жакшы жашоо үчүн жандарын аяган эмес. Ошондуктан ар бирибиз алардын жасаган эмгектерин унутпай эстеп жүрүшүбүз керек!

      zhenishitin-70-zhyldygyna-karata

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.