"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: » Алыкулга Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди»

24 Апрель 2015 жыл 4:22
Көрүүлөрдүн саны: 198

image

           Залкар акын, «Кудайга мин мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айталбаган»акын мөлү Алыкул Осмонов. Быйыл талантуу бул акыныбыздын 100 жылдыгы анын бул маарекесине жер-жерлерде, мектептерде ар кандай кечелер, эскерүүлөр болуп жатат. А.Сопиев мектебинин 8- классынын окуучулары » Алыкулга гүл десте» аттуу поэзия кечесин өткөзүштү, бул кечеде окуучулар акынга арналган ырларын жана өзүнүн калемине таандык чыгармаларды  аткарышты.
   Аталган мектептин  мугалими Докдуркан Жанабулова бүгүнкү кече окуучуларга өтө таасирдүү болгонун жана поэзия кечесинин жүрүшү жөнүндө кененирээк баяндап берди.

image

              » Бүгүн биз заманыбыздын залкар акыны  Кыргзстандын комсомолунун биринчи өкүлү Алыкул Осмоновдун позиялык кечесин өттүк. Акындын Ата журтка болгон сүйүүсүн баалай билүүсү жөнүндөгү ырлардан дагы айтып беришти. Биз акын оорусуна байланыштуу жалгыз басып, жалгыз жүргөндү абдан жакшы көрчү экен ал басып жүргөндө Ысык- көлдү жээктеп көлдүн сулуулугуна суктанып, сырдашып соонун чыгармаларды жараткан ошолорду айтып бердик. Андан сырткары баарыбызга белгилүү болгондой эле көлдүн жээгинен жаралган » Женишбек» поэмасын да айтып өттүк. Мен бүгүнкү кече балдардын жүрөгүндө калды деп ойлойм, окуучулар ар бир чыгарманы айтып жатканда Көздөрүнөн билип жаттым айтып жатканда кандайдыр бир сезим менен айтып жатышты. Негизи эле акындын патриоттуулугун мен балдарга тарбия катары белгилейм»   — деп билдирди.
  Бүгүнкү кеченин катышуучусу Адинай Асанакунова акындын ырлары көнүлүнө өтө жагарын белгиледи.
  » Мага бул акындын ырлары өтө жагат. Мен ар дайым ырларын жаттап чыгармаларын окуп турам.Осмоновдун чыгармалары өзгөчө» — деп белгилеп өттү.

image

     А.Осмонов » Аз жашаса да, саз жашаган». Ал чалдыккан оорусунун азабынан болгону 35 жыл гана жашады бирок ушул кыска аралыкта ал эмне деген өлбөс, өчпөс  чыгармаларды жаратып кеткен. Акынды эч ким унутпайт.
«Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынака»
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.