"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма» Химия сабагы боюнча ийгиликтүү тажрыйба алмашуу болуп өттү»

24 Апрель 2015 жыл 4:25
Көрүүлөрдүн саны: 187

    А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде   химия сабагы боюнча семинар болуп өттү, бул семинарга Түп району боюнча химия сабагынан сабак берген 20 мугалим келип катышты. Семинардын максаты: » Химия сабагын берүүдө иннвациялык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу».

image

Сүрөттө химия мугалими Венера Жаманокова ачык сабак өтүп жатат.
   Аталган мектептин окуу- тарбия завуч  Кундуз Шалтабаева бул тажрыйба алмашуу мугалимдер үчүн пайдалуу болорун жана алар бири- биринин сабагына катышышып анализ беришерин.
  » Мындай предметтик семинарлар район ичинде мектептер арасында дайыма болуп турат, кыргыз тили боюнча бир мектепте орус тил боюнча башка мектепте жана башка сабактардан семинарлар уюштурулуп келет. Быйыл биздин мектепте химия сабагы боюнча болду, бул семинарда мугалимдер предмет боюнча жаңы жанылыктарды, жаңы методдор менен эң негизгиси тажрыйба алмашышат.»- деп билдирди Кундуз Шалтабаева.

image

Сүрөттө семинардын жүрүшүндө башка жактан келген мугалимдер Асан Сопиевдин музейин көрүштү.

    Мектептин химия сабагынан окуткан мугалими Венера Жаманакова 11- класстар менен » Минералдык жана органикалык жер семирткичтер»- деген темада ачык сабак өтүштү.Бул туралуу ал төмөнкүлөрдү билдирди.
  » Бүгүн химия сабагы боюнча семинар болуп өттү. Семинардын максаты опыт алмашуу болчу. Мен 11- класстар менен ачык сабак өттүм сабакта интерактивдүү методдор колдонулду, жергиликтүү материалдардан жер шаарындагы топурактарга изилдөө иштери жүрдү практика жүзүндө дагы түшүндүрүлдү»-деп билдирди Венера Жаманокова.
  Долон айылынан келген химия мугалими Мамбетова Ася бүгүнкү семинарда өзү билбдген нерселерди үйрөнгөнүн жана кызыктуу болгонун билдирди.
» Бүгүнкү семинар өтө пайдалуу болду, себеби ушул учурдун талабына ылайык ар түрдүү жаны технологияларды пайдалана билүү  биздин негизги максатыбыз. Венера эжейдин сабагы жакшы болду топтор менен иштегенде балдарды ынтамакка чакырганы жакты. Балдар менен болгон мамилеси да жакты эн нргизги сабактын багыты жакшы экен.»- деп билдирди.
  Ушунай тажрыйба алмашуулар тез- тезден уюштурулуп турса мугалимдерге жакшы болмок.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.