"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: «Көп балалуу Динара Артыкбаева жардамга муктаж.»

24 Апрель 2015 жыл 4:31
Көрүүлөрдүн саны: 72

 

image

Тасма айылында көп балалуу Динара Артыкбаева учурда сегиз баланын энеси, эң улуу баласы 17 жашта. Бул үй-бүлө акча каражатына муктаж, жөлөк пул алса дагы аз, эч нерсеге жетпейт 8 баланын энеси болсо дагы «Баатыр эне»-наамын ала элек.

Бул үй-бүлө туралуу кабарчыбыз Чынтурсун Турдуматов кененирээк маек курган.
» Улуу балам июнда 17 жашка чыгат, кичүүсү 3 айлык.
Баланы багууда сизге кыйынчылктар  болобу?
» прадукты жагынан акча жагынан кичине тартыштыктар болот. »
Кандай жардам болорун каалайсыз?    Жогору жактан көп балалуулардын жөлөк пулун көбөйтүп койушун каалайм. Азыркы учурда 3500 сом алам, мурда гумпомош алып турчумун азыр келбей калды жөлөк пул деле эч нерсеге жетпейт.
Балдарыныз кандай өсүп чоңойушун каалайсыз?
» жарык дүйнөгө алып келген соң ыймандуу, акылдуу, адептүү болуп жакшы окуу жайларга өтүшүн каалайм. «- деп билдирди Динара Артыкбаева.

image

«Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык»-дегендей көп жылдан бери коңшу жашаган Карачач Урманбекова коңшусу, Динара Артыкбаева туралуу кененирээк  буларды билдирди.
» Динара бизге жап жаш кезинде келген келин болуп 16 жашта болчу ошондо. Таптатынакай супсулуу элдин баары суктанган келин эле. Анда кийин төрөй баштады, Кайын энеси ооирукчан болчу ошондо инсулг болуп тил ооздон калып сүйлөй алчу эмес, ошол кайын энесин көп жыл бакты. Төрөп да жүрдү үйүндлгүлөрүн карап да жүрдү кичүү баласы 3 ай болуп калды кайын атасы үйлүү кылып туугандарынын үйүн алып брди, бирок жашоосу аябай оор. Унчукпайт, арызданбайт, даттанбайт жөлөк пулун анда- санда, бир жыл алса бир жыл албайт боору ооруган ага өкмөттөн эч ким жок. Быйыл эле жаны ала баштады болуш керек анда деле 3500 алат экен анысы кайсы балага жетет улуу баласы ошентип жүрүп окубай клды, бишкекте иштеп жүрөт. Татынакай созолонгон кыздарт бар өзүнө окшош мектепте жакшы окушат, биеок балдарына боор ооругандай эле кийсе ичкенине жетпейт, ичсе кийгенине жетпейт.короосунда мал жон күйөөсү оорукчан.»- деди кошунасы.
Карасаев айыл өкмөтүндө 68 баатыр эне бар алардын ичинде жаш баатыр энелер да жок эмес. Социалог Айнакан Кемпирова Баатыр энелер жөнүндө кененирээк буларды айтты:

image

» Биздин айыл өкмөт боюнча 68 баатыр эне бар, ошонун ичинен жаш баатыр энелер да бар. Негизи жаш баатыр энелердин көйгөйү  пенсияга чыккан баатыр  энелерге кошулуп берчү миң сомдукту пенсияга чыга электер алышпайт, жаш көп балалуу баатыр эелерге берилсе жакшы болмок аларга акча азыр керек да.»- деп билдирди Айнакаш Кемпирова.
Мындан баатыр энелердин жана көп балалуу энелерлин дөлөа пулу көбөйүп, мамлекет тарабынан колдоого алынып жашоолору жакшырышын каалайбыз.

      dinara-artykbaeva-zhardamga-muktazh

«Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынака»

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
Чынтурсун Турдуматов.