"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Айыл эли балабакчага муктаж.

25 Апрель 2015 жыл 7:15
Көрүүлөрдүн саны: 99

Тасма айылынын тургундары көп жылдар бою бала бакчага муктаж болуп келишет.

Эгерде айылга бала бакча ачылса анда балдардын аң сезими өсүп,келечеги кеңеймек дейт айыл тургуну Карачач Урманбетова.
«Айыл эли бала бакча иштерине кызыктар аябай,жаш балдар кичинесинен эле тамга таанып,компютер үйрөнүп,ар кандай жогорку технологиялык телевизорлордо жаш өспүрүмдөр үчүн жомоктор,бийлер,китеп окуу жөнүндө программалар чыгып жатат.Айылдагы балдар буларды садиктен үйрөнбөсө башка жерден үйрөнө алышпайт,эмне үчүн дегенде шаардыктар шаардагы ар кандай кружокторго,бала бакчаларга балдарын берип,
аң сезимин кичинесинен өстүргөнгө аракет кылышат»дейт айыл тургуну.
–Айтылып жаткан маселе туралуу кандай аракеттерди кылуу керектигин билүү үчүн Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыковка кайрылдык

image

«Бала бакча куруу азыркы замандын талабы,бирок биз анализдеп атабыз эгерде түзүлгөн топ жакшылап иштеп,канча бала бара тургандыгын билишибиз керек болуп жатат.Андан кийин өздөрүнүздөр билесиздер бала бакчаны кармоо абдан кымбат,ошентсе дагы биз азыр айыл ичиндеги бала бакчага бара турган балдардын санын билгенден кийин пландуу иш жүргүзөт элек»               –Балдар мектепке тамга таанып, бири-бири менен мамиле түзүп, баарылашканды үйрөнүп келишип мугалимдерге да жеңилдик болот эле дейт Асан Сопиев мектебинин окуу завучу Кундуз Шалтабаева.

image

«Айылга бала бакча ачылса
мугалимдерге жакшы эле жеңилдик болмок себеби биринчи класска балдар башкача даярдык менен келишмек.Тамга таанып,өзүнүн оюн эркин айтып,санаганды үйрөнүп,бири-бири менен баарылашканды үйрөнүшмөк.Кээбир балдар түз эле биринчи класска келгенде мектепке келгенден коркуп,ата-энесинен ажырай алышпай өздөрүн жаман сезип жүрүшөт.Бала бакча ачылса мындай болбойт эле.Себеби бала бакчага барган балдар социалдык жана психологиялык жактан өнүкмөк.

image

Сүрөттө бала бакчага пландаштырылган мекеме

–Айтылып жаткан маселе чечилип,мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп,айыл тургундарынын көйгөйлүү маселеси болгон бала бакчанын ачылышына тилектешпиз.

      bala-bakchaga-muktazh

Даярдаган:Айдай Амантурова
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»