"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

9-майга карата «Эрдик залы» уюштурулду.

21 Май 2015 жыл 20:50
Көрүүлөрдүн саны: 142

image

А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде     Улуу Ата Мекендик Тасма айылынан  согушта курман болгон жана кайтып келип курман болгон инсандарды унутпай ар дайым эстеп, таанып жүрүүгө,»Эрдик залы» уюштурулду.

Бул  залды жасоого мектепте эмгектенген мугалимдер окуучулар менен биргеликте изилдөө иштерин жүргүзүшүп ар бир согуштун катышуучусуна арнап бурч жасашкан.
Бул зал балдарга  эң пайдалуу себеби окуучуларды патриоттуулукка, эли жерин сүйүүгө тарбияарын жана ар бир атуул согушта курман болгондорду эстеп түбөлүккө аларга таазим кылып жүрүшүбүз зарыл деп билдирди  бул иш чараны уюштуруучу Масылов Кыдырмыш.

image

«Бул улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата жасалып жатат жатат муну көрүп окуучулар эл жерин сүйүүгө, патриоттуулукка, заманчыл болууга мекенчил болууга тарбиялоо максатында жана ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде  аталарыбды, агаларыбызды, эскерүү жана ошондой эле тылда иштеген адамдарыбызды эмгектерин окуучуларга сабак катарында тарбиялап туруучу жер катары пайдалануу максатында уюштурулуп жатат. Бул жерге согуштан келбей калган 72 адамдын аты жөнү жазылган ал эми келип каза болгондорду ар бир класс айылдагы согушка катышкан адамдарды 70 жылдыка арнап бурч чыгарышты. Булардын сүрөттөрүн көрүп ким экенин таанып билгенге шарт түзөт»- деп билдирди Масылов Кыдырмыш.
Биз үчүн, мекенди коргоо үчүн курман болгон биздин айылдык ата агаларыбыз менеб сыймыктанаарын 6-классынын окуучусу Советбек кызы Нуржанат билдирди.

image

» эрдик залы мага абдан жакты биз келечектеги муундарды бизду фашистик германиялардан коргогон аталарыбызды биз мурда анча жакшы билчү эмеспиз, азыр ушул 70 жылдыкка арналган бурчтардан сүрмттөрүн көрүп билип жатабыз  жана кандай эрдиктерди көрсөткөндүгү туралуу билдик. Мен ушул аталарым менен сыймыктанам»-деп билдирди Советбек кыз Нуржанат
Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт. Бизге бүгүнкүдөй тынчтыкты жана бакубат жашоону алып келген аталарыбызды, агаларыбызды унутпай жүрүүгө бул зал өтө керектүү деп ойлойбуз.
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынака»
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.