"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Демилгелүү Лиза айымдын эли үчүн жасаган иштери.

21 Май 2015 жыл 19:18
Көрүүлөрдүн саны: 77

image

Тасма айылынын тургуну Лиза Кыдырбаева айылдык ден- соолук камитетинде 2006- жылдан бери  эмгектенип келет. АДК (айылдык ден- соолук камитети) коомдук эмес уюм болгондуктан айлык албай элдик активист катары өзүбүздүн айылга элдин ден- соолугу үчүн    элим бар болсо мен бар болом деген девизде иш алып барып жаткан айым азыркы учурда Таза суу болсо айылымда элимдин ден соолугу таза болот деген ойдо Таза сууга долбоор жазып жатат бул туралуу кененирээк төмөнкүлөрдү билдирди:
«Мен элимдин ден соолугу үчүн элим болсо мен болом деген девизде менин ушунфай девиздим бар ошонун негизинде, менин жолдошум иштешиме макул болуп берди. Макул болгон үчүн мен АДКда иштеп калгам. Ошол иштеп жүргөн учурларда АДКадан жардам деп долбоорлор жазылып анча мынча элдерге жардам бере алдык. Ортодо картошка келген, кайтарыымсыз кредиттер келген ошолордун баарын туура пайдаланып. Эми ушул праект жазгыла  каржылайбыз дешкен мен таза сууну көздөп, таза суу болсо элимдин ден-соолугу чын болот деген ой менен ушул таза сууну долбоор жазайын деп тандап алгам ошонун негизинде айыл өкмөтүнө барып кайрылсам айылга чогулуш кылгыла деди чогулуш болду чогулушта элдер макулдугун беришти биз такай үзгүлтүксүз суу ичип турсак жакшы болот деген ойлорун билдиришти. Мурдагы таза суу дагы долбоор менен келген АРИС деген бирок айылдын четиндеги жаңы конуштарга жетпей калган ошолорду кошуп жетпеген жерлерине суу жеткирип алалы деп Жаңы конуштарда жаңы тирдиктер жашайт экен кышында суу жок карды күрөп туруп слып ичишет жана көптөгөн кыйынчылыктарга туш келип жатышат ошолорго жардам берүү максатында буйурса бул долбоор ишке ашса элдер үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болушмак үйлөрүнө чейин киргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк  Швесария каржылап жатат
чоң ыраазычылыгымды билдирем. мен элимдин ден соолугу деп иштеп жүрөм дагы деле иштей берем»- деп билдирди Лиза Кыдырбаева.
    Айыл тургуну Махабат   Сарбаева

image

            Лиза жасап жаткан иштер эл үчүн эң керектүү себеби жугуштуу оорулар жөнүндө негизи эле ден- доолук боюнча түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүп тураарын кененирээк билдирди:
    » Бул АДКа деген муну мен жакшы түшүндүрүп жакшы маалымат бере алам эмнеге дегенде АДКада мүчө болуп иштегем азыр жашоо шартыма байланыштуу балдарым кичинекей болуп иштебей элемин. Азыр элдер АДКаны жакшы түшүнүп калышты дайыма кан басымды өлчөп кагаздарды таратып жатканы элдер үчүн өтө пайдалуу кайсы оору экенин кандай даарыланыш керек экенин билипалат. «- деп билдирди Махабт 
   Тогузбай таза ичүүчү суунун төрагасы Ияз Саадабаев бул долбоор туралуу буларды билдирди:

image

  «Лизанын демилгеси менен жазылып жаткан бул долбоо ишке ашса айыл тургундары үчүн эң чоң жардам болмок өзгөчө жаңы конуштагыларга. Себеби мурда таза суу орнотулганда жаңы конуштарга чейин келген эмес. Азыркы учурда чоң мүмкүнчүлүкүктөр түзүлгөнү турат мисалы үйлөрүнө чейин киргизип алышса да болот»- деп билдирди Ияз Саадабаев.
    Ушунда эли үчүн кызмат кылган инсандар эл ичинде көп болсун. Лиза эжеге мындан ары да эли үчүн көптөгөн иштерди кылып жүрө беришин жана ишине албан албан ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
   » Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынакка»