"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:Мектепте таалим сабагы өткөрүлдү

21 Май 2015 жыл 20:51
Көрүүлөрдүн саны: 156

image

Асан Сопиев мектебинде таалим сабагы өткөрүлдү бул туурасында кененирээк Түп районунун башкы хадиби Бакыт Кайкиев буларды билдирди:   
«Таалим сабагы эң жогорку деңгеелде өттү окуучулардын
катышуусу дагы абдан жакшы менин пикирим боюнча жогорку деңгеелде өттү
Таалим сабагынын максаты кандай?                                                   Бул сабактын максаты азыркы   замандагы  диний   түшүнүктөрдү түшүндүрүү жана мектептеги окуу жактарына көнүл буруу,туура эмес агымдарга барбоо үчүн иш жүргүзүү баардыгыбыз дин тууралуу жакшы түшүнүшүбүз   керек сабактын максаты жогоруда айткандар, ошондой эле өз жанын кыйгандардын саны арбып баратат»
балдарга кененирээк маалымат бедик»

image

–Мектепте болуп өткөн таалим сабагында балдар жакшы түшүнүк алды окшойт деген ою менен мектептин тарбия завучу төмөнкүлөргө токтолду:
«Бүгүнкү күндө жаштар арасында өз жанын кыйгандардын саны өсүүдө, бул албетте терс көрүнүш
ушул сыяктуу жолдорго барбоо үчүн алдын–ала түшүнүктөр берилүүсү өтө жакшы.Себеби балдар оор жагдайга туш болсо жеңил ойлуулука алдырып өз жанын кыйып жатышат.Ошондой эле башка динге азгырылып кеткендер жок эмес бул маселе тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп сабак жакшы өтүлдү»
–Таалим сабагында өзүнө кандай маалымат алгандыгы жөнүндө Асан Сопиев мектебинин  9–классынын окуучусу буларды айтат:
«Негизинен биз бул таалим сабагында өзүбүз билбеген көп маалыматы алдык,  өз жанын кыюу, ар кандай диний агымдарга кирип кетпөө туурасында сөз болду менин оюмча бул өтүлгөн сабакта көп окуучулар маалымат алышкандыктан  жаман жолго барбайт болуш керек» 

image

–Ушул сыяктуу түшүнүктөр ар тараптан берилип турса өспүрүмдөр үчүн жакшы таасир калтырат деген ойдобуз.    
Даярдаган:Айдай Амантурова    

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»