"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:Улуу жеңиштин 70жылдыгына карата парад өткөрүлдү.

21 Май 2015 жыл 20:52
Көрүүлөрдүн саны: 277

image

Карасаев айыл өкмөтүнүн Тасма орто мектебинде Улуу жеңиштин 70жылдыгына карата парад өткөрүлдү бул парад туурасында Тасма орто мектебинин ДПМ мугалими Масылов Кыдырмыш буларды айтат.
«Улуу жеңиштин 70жылдыгына карата класстарда тарбиялык саатар өтүлүп жана согушка катышкан ардагерлерден бирөө да  калган жок аталарыбыздын ысымдары унутулбаш үчүн бурчтар уюштурулуп жеңиш майрамына карата парад өткөрүлдү»

image

Катарга басуу аземинде 1–чи орунду алышкан 6–классынын окуучусу Нуржанат Саветбек кызы буларды айтып берди.
–Сиздерге катарга басуу аземинде атаандаштарды жеңүү кыйынга турдубу?
«Ооба кыйынга турду баардык класстар жакшы даярданышыптыр албетте алардын дагы эмгеги бар бирок биз аларды женгенге аракет кылдык.
–Баардыгы канча катышуучуну жеңдиңер?       
5—11класска чейинки  баардык       катышуучуларды жеңдик»

image

Быйылкы жылы катарга басуу аземи өзгөчөлөнүп өтүүдө дейт 9–классынын окуучусу Айзат Мусалиева.  
«Быйыл катарга басуу аземи өзгөчөлөнүп өттү себеби Улуу жеңиштин 70жылдыгына карата Тасма айылында чоң майрам катары белгиленди былтыркы жылга салыштырмалуу  быйыл катарга басуу аземине баардык класстар активдүү катышып ар
бир класс өз даярдыктары боюнча аталыштарга ээ болду
–Катарга басуу аземинде эң кызыктуусу эмне болду?
Бул катарга басуу аземинде былтыр жөн гана басып коюшса быйыл ар бир класс өзүнүн фантазияларын колдонуп артарына желек кармап,көгүчкөн учуруп,шаарик учуруп ар кандай нерселерди аткарышты ошол жери мага кызыктуу болуп жакты»

image

Элибизде дайым тынчтык болуп,жеңиш майрамы унутулбай мындан аары дагы майрамдалып келе берсин дейли.
  Даярдаган:Айдай Амантурова  
   
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка