"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада: «Акыркы коңгуроо» аземи салтанаттуу болуп өттү.

22 Май 2015 жыл 6:18
Көрүүлөрдүн саны: 114

image

А. Сопиев атындагы мектепте бүгүн 29- май күнү «Акыркы коңгуроо»- аземи салтанаттуу болуп өттү. Бүгүнкү майрамда жаңыдан мектептин босогосун аттаганы жаткан жаш бөбөктөрүбүз, мектепти бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз, мектепти бүтүргөнүнө 10 жыл 20 жыл толгон ушул мектепти бүтүрүп кеткен окуучулар менен коштолду. Салтанаттын жүрүшүндө мектепти бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөргө каало- тилектер айтылып майрам мектептин талантуу балдардын аткаруусундагы ыр, бий жана комуз чертүү менен коштолду.  
  Сопиев мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчиси Бактыгул Шейшева бүгүн окуучулар эле эмес өзүнүн да толкунданып жатканын жана окуучуларына мындан ары ийгимиликтерди кааларын кененирээк билдирди:

image

«Бүгүнкү майрам эң жогорку деңгээлде болду деп ойлойм. Мен иш жолумду баштап келгенден эң алгач 3- класста окуткам ошондон баштап окутуп мына быйыл 11- классты бүтүргөнү турушат. Мен бүгүнкү бүтүрүүчүлөрүмө алдыдагы жолуна чоң чоң ийгиликтерди каалайм келечектери кең болсун ар бири өздөрү каалаган кесиптин ээлери болушун каалайм. Мен мынчалык деге толкунданбайт болушум керек деп ойлогом бирок өтө толкунданып турам бүгүн  окуучуларым менен кошо толкунданып өзгөчө сезимдер болду»- деп билдирди Бактыгүл Шейшева.
     Сопиев мектебинин быйылкы жылкы бүтүрүүчүсү окуну ийгиликтүү аяктаган Айнагүл Саякова бүтүрүп жаткан классташтарына ийгиликтерди, окутуп билим брген мугалимдерине ыраазычылын билдирди:

image

«Быйылкы бүтүрүү кечеси абдан жакшы өттү жакшт ийгиликтер менен коштолду. Баардыгы салтанаттуу өттү, баарынын көңүлү ачык, күн дагы бүгүнкү глинейкага карата абдан жаркырап ачык болуп турду.
— Сизде азыр кандай сезимдер болуп жатат?
11 жыл окуп ушул мектепте чоңоюуп кичинебизден бери билим алып жүргөн ушул мектебибизди кетиш абдан кыйын болуп атат баарыбыздын ыйлагыбыз келип эми келип турганга аракет кылабыз.
Мугалимдерибизге дагы да болсо жаштарга жакшы билимин сапаттуу билимин берип ушундай бүтүрүүчүлөрдү көп бүтүрө берсин мектебибиздин билими жогорулап өлкөбүздөгү эң мыкты мектептерден болушун каалайм. Мугалимдергж ыраазыбыз ушундаг билим бергене.»- деп билдирди Айнагүл Саякова.
Бүгүн ар бир ата- эне балдарынын окууну бүтүп кетип жатканына ичтери ачышып турган чак. Жайлоокүл Догдурова бүтүүрүчүлөргө ийгиликтерди каалап өттү.
  «Бүгүнкү күн өзгөчө болду кечээ эле 1- класска жетелеп келип жаткандай болдук эле убакыт учкан куш экен бат эле мынтип окууну аяктаганы турат. Бүтүрүүчвлөрдүн баарына ак жол каалайм!»- деп билдирди.
  Окууну аяктаганына билинбей 10 жыл 20 жыл өткөн окуучулар өздөрү окуп бүткөн мектепке чогулуп сагынычтарын таратып турган чак. Окуунун аяктаганына 20 жыл толгон Гүлбарчын Молдоева өзүнүн сезимдери менен бөлүштү:

image

«Бүгүнкү майрам мен үчүн жогорку деңгээлде болуп өттү анткени 20 жыл жаңы эле бүтүп жаткан учур менен бүгүнкү күн 20 күндүн аралыгындай эле сезим калтырды да мага мен абдан толкунданып турам. Канча жылдан бери көрбөгөн классташтарымды, агай эжейлерим менен кезигип өзгөчө күн болуп жатат.
-Азыркы учурда кандай сезимдер болуп жатат?
Сезимдерди мен айтып бере албайм, ал айтып береалгыс сезим, сөз менен жеткизе албайм»- деп билдирди Гүлбарчын Молдоева.
    Бүтүрүүчүлөргө келечекте Кыргызстандын керегине жараган жаштарынан болушун каалайбыз. Мектепте 11 жыл окуган билимин мындан аркы жашоолоруна пайдаланып мыкты адамдардан болушуна тилектешпиз.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
  » Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынакка»