"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада:»Таштандыларды айылдын кире беришине ыргытышууда»

22 Май 2015 жыл 6:19
Көрүүлөрдүн саны: 144

  

image

Тасма айылында айыл тургундары таштандыларды айылдын кире беришине ташташууда. Бул таштандылар биринчиден айылдын көркүн кетирип жана ар кандай жыттарды, ооруларды алып келиүүдө. Атайын таштанды таштоочу жер жасап коюшса да элдер ал жерге таштабай жатышат. Бул чейин окуучулар тарабынан ишембиликтер жүргүзүлүп келди бирок » Таштандыны тазалаган жер таза эмес, таштанды таштабаган жер таза»- демекчи эч кандай жыйынтык чыккан жок айыл тургундар көнүп калышкандыктанбы айтор таштандыларды таштоону токтотушкан жок.
Айыл тургуну таштандыларга жакын жайгашкан Кундуз Турдалиева таштандылардын зыяны туралуу кененирээк төмөнкүлөрдү билдирди:
 

image

«Айыл ичиндеги таштандылар биринчиден айылдын көркүн бузат жана адамдын ден соолугуна да зыян келтирет, тамак аш таштандылар бар, жөн таштандылар бар азыр таштандылар химиялык түрү биюнча экиге бөлүнөт да бирөө чирип жоголуучу таштандылат, экинчиси такыр чирибей турган мисалы пластик бутулкалар, салафан башыктар чирибейт 200-300 жыл жата берет анан ошолор жер бетин каптап кетсе кандай көрүнүш болот айыл чарбага же адамдардын жашосуна эмне деген чоң зыяндарды алып келет.
-Айыл тургундары эмне үчүн таштанды таштоочу жайга таштабай жатат деп ойлойсуз?
Айыл тургундары азыр деген таштандыны жыйнап сортоп атайын таштанды таштоочу жерге ташташ керек деген түшүнүк да жок себеби деген ушуга чейин 20 жылдан бери эле ушундай өлчөмдөгү таштандылар көчөгө түшүп жатат. Буга чейин магазиндрде кагаз клоекторго салып сатчу ал кагаз чирип кетет же өртөнөт. Ал азыркы пластик бутулкалар чирибейт же өртөсөн өртөлгөндө да туура эмес зыяндуу заттар чыгат элдер көнү керек бутулкаларды өзүнчө тамак аш калдыктарын кайра иштетип агаротко жерсемирткич катары колдонуп жана ушул сыяктуу таштандыны пайдалануу маданияты болот чоң шаарларда таштандыларды кайра иштетүүчү завод- фабрикалар бар биздин өлкөгө келе элек, бирок келечекте келет  деп үмүттөнөбүз»- деп билдирди.
   Карасаев айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу өзгөчө кырдаалдар биюнча башкы адис Нурбек Үсөнов кандай чара колдонбойлук баары бир таштандыларды ташташып жатышкандыктары туралуу кененирээк билдирди:

   » Негизи таштандынын орду бар. Элдин аң сезими жетмейинче таштандыны оордуна төгүшпөйт. Ар бир чогулуш сайын биз элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк такыр болбой жатышат.
  — Буга карата кандай иш чараларды колдоносуздар?
   Адмистативдик айып пулдар бар  ошлорду салалы десек, түнү келип төгүп салышат күндүз келип төгөт такыр сала албай койдук. Ар бири өзүнүн үйүндөй көрүп таштандыны ташбаса жакшы болмок, эптеп эле өзүнүн короосунан далдаа алып чыгып эле таштап жатышат. Элдерге алыбыз келбей калды»- деп билдирди Нурбек Үсөнов.
    » Эшигин көрүп төрүнө өт»- демекчи Ар бирибиз айылды таштандыдан арылтууга салымызды кошушубуз керек. Ушундай кооз айылыбыздын баркын, көркүн кетирбей таштандыларды таштоочу жайга гана төгөүүгө чакырабыз.

image

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
«Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынакка»