"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш спортчу

23 Май 2015 жыл 23:21
Көрүүлөрдүн саны: 174

Спорт бул ден-соолуктун булагы деген ураанды колдонуп спорттун Грекорим күрөшү боюнча алектенип көп ийгиликтерге жетишип келе жаткан жаш спортчу Адис Дүйшөналиев өзүнүн жетишкендиктери тууралуу буларды айтат:

image

«Мен 9жашыман бери спорт менен машыгып келем азыркы учурда 14жаштамын,5жыл болду 5жыл ичинде жакшы ийгиликтерге жетиштим.      
Кайсыл жерлерге барып келдиң?
Кыргызыстандын ичиндеги баардык облустарга бардым Таласка,Ошко,Жалал-Абадга,Нарынга,анан Ысык-Көл облусун кыдырып чыктык жана Казакстанга да барып келдим.
Кандай сыйлыктарга ээ болдун?  

image

32медальм 42дипломум бар жана телевизор,телефон,идиштин түрүн утуп келгем.                                                Жер-жерлжерге барууда каражат жагынан кыйынчылыктар болобу?
Көбүнчө ата-энем акча таап берет кээде кыйынчылыктар болот.
Күрөшүп жатканда утулуп калып   ичиң күйчү беле?
Көп жерден утулуп калып ич күйүп ыйлаган учурлар да болчу»    Адистин машыктыруучусу Тилекмат Атагулов окуучусу  спортко жөндөмдүү  экендигин баса белгилеп өттү:

image

«Адис өтө талантуу бала  Республика,Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү азыркы учурда спартакияга даярданып жатат эгер аны утса КМС алат деген ишенич бар Адис өз ишин так аткарабы? 
Так аткарат машыгууга убагында келет,күн калтырбайт,былтыр
Казакстанга барып Тараз шаарынан 2-орун алып келди     
Сиз өзүңүздүздүн окуучуңуз менен сыймыктанасызбы?
Албетте сыймыктанабыз биз эмес Ысык-Көл облусу да сыймыктанат себеби окуучум Ысык-Көл курама командсында» дейт агайы    
Баласына тарбия берип чоңойтуп келе жаткан ата энеси уулу менен сыймыктанарын айтат: 

image

«Балам үйдө жүргөндө эмне кылат бош жүрбөй спорт менен алектенгени жакшы да, канча жерге барып жатат акчасынын баарын өзүбүз таап беребиз   
Уулуңузду сизге мактагандар барбы?                         
Көп эле айыл эмес Каракол мактайт да менин өзүмдүн балам да көп жерге өзүм алып барып келем»
Биз дагы жаш спортчуга ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган:Айдай Амантурова    
     
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»