"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айыл тургундары суунун акчасын өз убагында бербей жатышат.

24 Май 2015 жыл 10:11
Көрүүлөрдүн саны: 89

    

image

Суу- өмүрдүн булагы деген сөз бар эмеспи. Жашоого суу канчалык керек экенин, аны канчалык деңгээлде  пайдаланып жатканыбызды ар бирибиз эле билет болушубуз керек. Тасма айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушкан Түп району боюнча суунун тазалы 1- орунда турат.  Күнүмдүк турмушта байма- бай колдонуп жатышкан суунун акчасын айыл турнундары убагында бербей жатышат.
Ичип жаткан суунун акчасын таза суу чыккандан бери берелек тургундар да бар,  каражат жетишпейт деп ойлойлук десек акчалуу, колунда бар адамдар дагы суунун акчасын убагында бербей жатышат,  2015- жылдын январдан бери элдин суунун акчасын берүүсү 5 %гана  түзөрүн. Тогузбай таза суу ИСКАК бөлүмүнүн төрагасы Ияз Саадабаев билдирди:

image

«Суу өмүр булагы деп коет элибизде азыркы учурда элдер туура эмес мамиле жасап жатышат. Биз убагында суу менен камсыз кылганга аракет кылып жатабыз  эл ошол төлөм каражатын бербей жатат. Негизи суу акысы биз тарифти кабыл алганда киши өашына 25 сом ал эми даңы конуштарга суу түтугү алыс болгондуктан аларга деңилдетип 15 сомдон кылганбыз. Азыр биз акча төлөбөгөн аламдарга эскертүү жазып жөнөтүп жатабыз, кезигип айтып жатабыз анан азыр айла кетти пракуратура менен иштешели деп жатабыз такыр төлөбөй жаткандарды праауратурага берели деп жатабыз. Ушул суу чыккандан бери төлөбөгөндөр бар, турмушу жакшы кишилер дагы бербей жатышат ошолорду пракуратурага берип чара колдонолу деп жатабыз»- деп билдирди Ияз Саадабаев.
    Айыл тургуну Нурмира Садырова     суусуз жашоону элестетүү кыйын экенин кээде ар кандай шартка

image

байланыштуу суунун акчасын төлөй албай калышаарын билдирди:
   «Суу биздин турмушубузга өтө керек. Өлчөп көп ысырап кылбай колдонгонго аракет кылам.
   Суунун акчасын өз убагында төлөп турасызбы?
   «Ачыгын айтканда убагында төлөнбөй калат»- деп билдирди Нурмира Садырова
   Кичинекей айыл тургуну Беккожо Асанканов эгер суунун акчасын убагында элдер беришбесе суу токтоп калаарын анан айыл четиндеги булактан алып келиш оор экенин билдирди:

image

» Суу чыкпай калса негизи булактан барып алып келишке туура келет. Ал эми ал жака барыш кыйын болот.
Үйңдөгүлөр суунун акчасын төлөп турушабы?
» Ооба төлөп турушат деп ойлойм»- деп билдирди Беккожо Асанканов.
  » Бергендин алганы бар»- деген сөз бар эмеспи адамдарга эң керектүү сууну берип жаткандарга ыраазы болуп Айыл тургундары суунун акчасын убагында берип турушат деп ишенебиз.
  Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
  «Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынакка»