"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Магазиндерде өспүрүмдөргө зыян нерселер мыйзамсыз сатылууда

27 Май 2015 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны: 126

 

image

«Жаштар биздин келечегеибиз’- деп алардан көптү үмүттөнөбүз. Албетте,  жаштардын ден-соолуктары таза, чың болушун каалайбыз. Азыркы учурда жаш өспүрүмдөргө тамеки, насыбай сатылбасын деген чечим чыкса дагы, айылдагы баардык магазиндерде балдарга зыян алып келүүчү тамеки, насыбай окшогон нерселер сатылууда өспүрүмдөр ошол зыян нерселерге ооп баратышкандыгын балким айылдагы магазиндерде сатылбаса алар күндө шаарга барып алып келе алышпай калат беле деген ойлорун билдиришүүдө. Бул нерсеге каршы мектеп тарабынан айыл өкмөт тарабынан атайын чечим чыгарылып ар бир магазин ээлерине тааныштырылган.
Сопиев мектебинин өспүрүмдөр менен  иштөө боюнча соц мугалим кененирээк төмөндөгүлөргө токтолду:
   «Чындыгында акыркы мезгилдерде балдар тамекиге, насыбайга өзгөчө насыбай чегип жатат, муну биз эмнеден байкап жатабыз биздин мектепте ар кайсы бурчтарда насыбайдын жашыл түкүрүктөрү боюнча билип жатабыз кез кезде насыбай салган пакетиктерди таап алып жатабыз. Мына ошонун баары мектепте насыбай тарткан балдар бар экенин билдирип жатат. Анан эми балдар шаарга күнүгө барбайт насыбайды болсо ушул айылдык дүкөндөрдөн сатып алгандыдыгы белгилүү. Биз ата энелердин жалпы жыйынында мектеп окуучуларына тамеки, насыбай, жана арактарды сатпоо боюнча чечим кабыл алып ошол чечимдерди дүкөнчү адамдарга таратканбыз»- деп билдирди Ороз Саадабаев.
   Айыл тургуну магазин иштеткен сатуучу Кубан  Жанеков            балдар сатып алганы келишет бирок аларга бербээрин атайын кабыл алынган чечим менен тааныш экенин билдирди.

image

   «Мен атайын чыккан чечим менен таанышкам. Окуучу балдарга сатылбай эле тамеки, насыбай жана спирт ичимдиктери. Бирок сурап келип жатышат азайып калды мурдагыдан.
-негизи сиз кандай ойлойсуз сатылбаганы туурабы?
ооба туура эле болот окуучуларга сатпай эле коюш керек. «-деп билдирди сатуучу Кубан
  Ал эми кичинекей айыл тургуну Чыңгыз Бакачиев албетте өзүмө керек эмес бирок атамдар жиберип калса берет деп билдирди:

image

«Мен негизи атамдар жиберип калганда барсам берет. Кубан абаныкына барып сурасам 2 жолу берген. Дайыма кичинекей балдар барганда бере берет»-деп билдирди.
    Мектеп окуучусу Куттубек Аманов акча берсен эле ким экенине карабай эле берет акчасын берсен эле  болоорун билдирди:
   «Магазинде тамеки, насыбай сыяктуу нерсррселерди алаласыңарбы?
   Ооба дайыма эле алабыз.
  Сатуучулар эч нерс дебей эле беришеби?
   Эштеке дебей эле беришет акчасын берсең болду.
Аны өзүңүз колдоносузбу?
Ооба өзүбүз колдонобуз кээде чоң балдар жиберишет. Сатуучулар сураш керек да бирок алар бере беришет. Рейт болордо эле баарын жыйнап коюшат баякүнү 2 күн рейт болду ошондо сатпай калышты»- деп билдирди Кутубек Аманов.
  Азыркы учурда жаш өспүрүмдөр инспектору да жыйналыштарды өткөзүп рейтерди жүргүзүп жатышкан учур. Бул маселе да акырындык менен жакшы жагына өзгөрөт деп ишенебиз.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
   «Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынакка»