"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Элет жериндегилердин ден- соолугу үчүн мабилдик клиника бекер кызмат кылды.

29 Май 2015 жыл 18:32
Көрүүлөрдүн саны: 102

 

image

Айыл тургундарынын ден- соолугун чыңдоо максатында мабилдик клиника элдерди бекер текшерди. «Каркыра»  түптү өнүктүрүү коомунун демилгеси жана Тасма айылынан чыккан Тасманын  кулуну Молдобаев Аскат Кеңешбаевичтин аракетинин натыйжасында түзүлгөн бул коом буга чейин да жергиликтүү элдерге жардамдарын көрсөтүп келишкен. 27-май күнү Карасаев айтл өкмөтүндө жайгашкан тургундарды акысыз мабилдин клиникада текшерүү жүргүзүштү. Бул мабилдик клиника Кыргызыстанга Россия тарабынан белек катары келген бирөөсү Ошко ал эми экинчиси Аскат Молдобаевдин аракетинде Түпкө келген буга чейин да айыл өкмөттөрдү кыдырып бекер жардамдарын көрсөтүүдө.
             Каркыра түптү өнүктүрүү коомунун мүчөсү Рысбек Молдобаев бул коом кандайча түзүлгөнү туралуу жана клиниканын элдерге болгон кызматы  жөнүндө кененирээк төмөнкүлөргө токтолду:

image

  «5жыл мурун 2010-жылы майда  Молдобаев Аскат Кеңешбаевич Тасма айылынын тургуну  2010- жылы кырдаал күчөп турган кезде Түптүн баардык бизнесмендерин чакырып «Манаска» формга чакырып коом түзүлгөн «Каркыра»- деген. 2010-жылдан бери көп нерселерди кылып келетат майыптарга красла берип ар бир жылда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жаңы жылын өткөзүп, майрам сайын Мисалы апалар күнүндө апаларга белек берип ушундай колунан келген жардамдарын берип келетат. Мына быйыл бешжылдыкты Каркыранын беш жылдыгын 23- майда той Түптүн стадионунда өткөздү, ал жакта ат чабыш, күрөш, гира көтөрмөй ар кандай кызыктуу оюндар менен консерт да болду.    Бүгүнкү мабилдин клиника азыркы учурда ар бир эле тургун медисиналык жардамга муктаж, биздин максат элдерге бекер жакындан жардам көрсөтүү ар бир эле тургун бара албайт акча каражатынан жана башка шартары менен бул эл үчүн чоң жардам болот деп ойлойбуз. Биз буга чейин Сары көл аймагында болдук бүгүн Карасаев айыл өкмөтүндө, эртен Талды-Суу сйылында болобуз. Колдон келген жардамыбызды көрсөтүп биздин күч бирдикте деген каркыранын өзүнүн урааны бар»- деп билдирди Рысбек Молдобаев.
     Мабилдик клиниканын жетекчиси Матоморива Айжамал клиниканын өзгөчөлүктөрүн жана жугуштуу ооруларга тест тапшарын  15 мүнөттүн ичинде жыйынтыгын чыгарышаарын  клиниканын кызматын кененирээк айтып берди:

image

  «Бизде негизи текшерүү ВИЧ, СПИД, гепатит а, туберклез оорулары туралуу текшерүү өткөзүп жатабыз себеби бул оорулар жугуштуу көбүнчө кан аркылуу жугат. Бизде гнеколог бар лабараториябыз бар жана жугуштуу ооруларыбызга тестерибиз бар 10-15 мүнөт ичинде ал оору барбы жокпу чыгарып беребиз. Бул текшерүү баардыгы бекер, тестерибиз өзгөчө мындай барса өтө кымбат турат. Бул эл үчүн өтө жакчы деп ойлойм себеби бекер. Клиниканын өзгөчөлүгү означениясы жакшы, обародуванияды жакшы, тестери Кыргызстан ноюнча биринчи. Биз сентябрдан бери ичтеп келе жатабыз»- деп билдирди Матоморова Айжамал.
   Айыл тургуну Атагулова Гүлүпа бул клиника өтө пайдалуу экенин жана муну уюштургандарга ыраазычылгын  билдирди:

image

  «Бүгүнкү клининанын пайдасы жакшы экен мен көрүнүп чыктым текшерди, биз шаарга барып көрүнгөнчө бул жртден көргөнү жакшы болду»- деп билдирди Гүлүпа Атагулова.
    Каркыра түптү өнүктүрүү коомуна мындан арыда эл үчүн кызмат кыла бериштерин каалайбыз
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова
  » Клооотун журналистка мектебине катышуу үчүн сынакка»