"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айылыбыздын чыгаан инсаны Эркинбай Молдобаев

30 Май 2015 жыл 18:19
Көрүүлөрдүн саны: 71

Мугалимдик кесипти аркалаган деги эле түйшүксүз болбой койбойт,көп жылдан бери талыкпай эмгектенип  келген бүгүнкү күндө окуучуларынын сый урматына ээ болгон кыргыз элинин кесипкөй мугалимдеринин бири Эркинбай Молдобаев туурасында сөз кылмакчыбыз өзүнүн сүйгөн кесиби менен канча жылдан бери иштеп кандай ийгиликтерге жетишкендиги туурасында Эркинбай Молдобаев буларды айтып берди:

image

«Менин мугалим болуп эмгектенип келе жатканыма туура 36жыл болду,жогорку окуу жайды 1980-жылы аяктагам, алгачкы мугалимдик кесипти мен  Жалал-Абад облусунда баштагам.Андан кийин өзүм туулуп өскөн Тасма айылында организатор-завуч болуп дайындалып иштедим андан соң Чоң-Тогузбай айылында директор болдум,ошентип иштеп жүрүп 1994-жылы «эл агартуунун отличниги» деген сыйлыкка ээ болдум.              
Сиз үчүн мугалим болуш оорбу?    Жок эгер өз кесибин сүйүп иштесе оорчулугу деле байкалбайт себеби мугалимдик кесипти өзүм тандагам,иштеп жатканымда 8долбоор ишке ашып сыйлыктарга ээ болдум»дейт Эркинбай Молдобаев.
-Ата аска зоо эне боорунда агып турган мөлтүр булак деген сөз бар эмеспи,жолдошу күлсө күлүп,ар иште колдоп коштоп көп жылдардан бери бирге жүргөн өмүрлүк жары Анар айым мындай дейт:

image

«Мен жолдошум менен бирге көп жылдардан бери мугалимдик кесипти аркалап келем.Жолдошум өзү ар ишке жөндөмдүү жана айтканын аткарат, өз кесибин сүйүп иштейт, биз 5баланы тарбиялап өстүрдүк азыркы учурда балдарыбыздын баары жогорку билимдүү.Жолдошум Чоң-Тогузбай айылындагы мектепте мүдүр болуп 15жыл эмгектенди,андан кийин «эл агарттуунун  отличниги»
деген төш белгиге ээ болду.Ал баардыгын бирдей алып кеткенге аракет кылат,таң эрте туруп үй жумуштарын жасап,мектепке кетет түшкү тамака да келбей жумушу 5те бүтсө 5те 6да бүтсө 6да үйгө келет.Азыркы учурда Эркинбай окуткан окуучулар агайынын жолун жолдоп мугалим болуп иштеп жүрүшөт«
-Устатынын жолун жолдоп азыркы учурда Асан.Сопиев мектебинде мүдүр  болуп иштеп жаткан Алик Мамытов бул кесипке ээ болуусуна агайынын кошкон салымы чоң экенин билдирип өттү:

image

Молдобаев Эркинбай агайдын мен жалан гана жакшы жактарын көргөзө алам себеби мен азыр ушул жерде иштеп отурганыма дагы чоң таасирлерди берген.Биринчиден Эркинбай агайдын ээң жакшы сапаттарынын бири тартипти катуу көзөмөлгө алчу,билимдүүлөрдү так аныктоосу,мугалимдерге да талапты катуу коюп көзөмөлгө алганы жакчу.Биздин убакта акчага иштешчү эмес ошол убакта бизге шык берип турчу,ушул күндөр да өтөт деп айтып алдыга умтулганга Эркинбай агай үйрөткөн агайымды мен эле эмес баардык кесиптештери сыйлайт»

image

Сүрөттө Эркинбай Молдобаев кесиптештерл менен

Эл ичинде кесипкөй адамдарыбыз көп болуусуна тилектешпиз
Даярдаган:Айдай Амантурова   
   
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»