"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Мектептин алдыңкы аянтынын көрүнүшү жараксыз абалда

30 Май 2015 жыл 18:34
Көрүүлөрдүн саны: 104

Асан Сопиев атындагы мектеп 1987-жылы курулган мына ошол курулгандан баштап,мектептин алдыңкы аянтына эч кандай оңдоп түзөө иштери жүргүзүлө элек маселе эмнеде болуп жаткандыгын билүү үчүн мектеп директору Алик Мамытовко кайрылдык:

image

Оңдоп түзөө иштерин баштоо үчүн долбоор жазуу керек болбосо финанс жагынан кыйынчылыктар болуп калат.Мурунку айыл өкмөтү каржылап жаткан статияларды   азыр тилеке каршы республикалык бюджетке өткөзүп айыл өкмөтүнөн алып салган ошол учун айыл өкмөтү тарабынан жардам болушу мүмкүн эмес, бул жерге долбоор жазып анан калган үлүшүн мектеп көтөрүшү керек да оңдоп түзөө иши чоң сумманы түзүп калат»

image

-Айтылып жаткан маселе окуучулар үчүн терс көрүнүштү жаратпай койбойт 5-классынын окуучусу Алина  Амантурова жаан жаганда жарылган цементтерге суу толуп, айрым учурда буттары суу болгонун айтат:     
«Биздин мектеп өзү кооз бирок мектептин асты жаман жаан жааганда ал жака суу толуп калып кээде буттарыбыз сууга кирип кетет»дейт 5-классынын окуучусу.       -Бул маселе туурасында 9-классынын окуучусу Жазгүл Азекова өз ойун билдирип өттү:

image

   «Мектептин алдындагы цементтер оңдолсо жакшы болмок себеби дене тарбия сабагында чуркап жатканда буттарыбыз чуңкурларга кирип кетет анан бут кийимдерибиз сүрүлүп таштар чыгып турат ошондо буттарыбыз аябай ооруйт.Эгер мектептин алды оңдолсо аябай жакшы болмок өзүбүздүн мектебибиз үч кабатуу жакшы көрүнүп турган мектеп бирок цементери көрүнүшүн бузууда» 
деген оюн айтты мектеп окуучусу«

image

Даярдаган:Айдай Амантурова 

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»