"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада долбоордун арты менен мектеп таза суу менен камсыздалмакчы

1 Июль 2015 жыл 15:49
Көрүүлөрдүн саны: 102

IMG-20150701-WA0001

Айылдагы Сопиев орто мектебинин ашканасында гигиеналык тазалыкты сактоо үчүн ысык жана муздак суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Муну ЮНИСЕФ каржылаган.

Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Маамытовдун айтымында, долбоордун алкагында мектепке күзгүсү менен сегиз кол жуугуч жана эки суу ысыткыч орнотулган. Андан сырткары ашкананын кире бериши оңдоп түзөөдөн өткөн.

“Бул биздин мектеп үчүн абдан жакшы болду. Мурда биздин мектепте суу маселеси жаралчу. Мисалы пол жууш үчүн эшиктен суу алып келип, кыйналчу. Эми жаңы окуу жылынан баштап бардыгыбызга эн жакшы болот деп ойлойм”, — деп билдирди Маамытов.

Окуу тарбия завучу Кундуз Шалтабаева мектеп таза суу менен камсыз болсо, балдардын ден-соолугунун чың болушуна өзгөчө шарттар түзүлөт, дейт.

“Бул эң биринчиден тазалык менен камсыз кылып, окуучулардын арасында жугуштуу оорулардын азайышына шарт түзөт”, — деп билдирди  Шалтабаева.

Бул долбоор боюнча иш алып барган Сопиев мектебинин георафия мугалими Ороз Саадабаев мектептин таза суу менен камсыз болушу жакшы көрүнүш экенин жана долбоордун алкагында жакшы ийгиликтерге жетишишкенин айтып өттү.

“Суу санитария гигена боюнча биздин мектеп пилоттук мектеп катары бул долбоорго киргенбиз. Түп районунан 13 мектеп кирген. Жаманакунова Венера жана мен болуп атайын барып окуп келгенбиз. Долбоордун алкагында биз көптөгөн иштерди жасадык. Мисалы атайын гигиеналык бөлмө уюштурдук. Ар бир класска кол жуугуч орнотуп, колдорун дайыма жууп таза жүргөнгө көндүрдүк”, — деп билдирди Саадабаев.

Сопиев мектебинин ашканасында иштеп жаткан Назира Ботоеванын айтымында, мурда мектептин ичине суу кирбей, алдын ала күн мурун суу толтуруп кыйынчылык туудурчу.

“Бул жерден 1-класстан 4-класска чейинки окуучулдар сүт ичишет. Ошолодун кружкаларын жууганга суу керек болуп, ысык суу чыкпай көп эле кыйынчылыктарды туудурчу. Ушундай суу киргизип каржылап жаткандарга чоң ыраазычылыгымды билдирием”, — деп айтып өттү Ботоева.

Ушундай эле долбоорлор ЮНИСЕФтин каржылоосу менен Карасаев, Арал жана Санташ айыл өкмөттөрүнүн мектептеринде ишке ашырылууда. Ар бир айыл өкмөттөн бирден мектеп тандалып алынган. Сопиев мектеби долбоорго кирген үч билим уясынын бири.

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова