Быйыл Тасмалыктар кышта чөп жетишпей мал чарбалары зыянга учурагандыктан, жайда тоютту кенен даярдап алуу иштери менен алектенишүүдө.
Тургундар талаада чөптөрдү чаап андан соң үйлөрүнө алып келип жыйнашууда. Учурда малдын көпчүлүк бөлүгү жайлоодо, малдар күздө келгенден баштап чогулткан чөптөр менен багышат.
Былтыркы жыл мал жандыктар үчүн тоют жетишпей жаз айларында малдар көтөрүм болуп өлүшкөн.