"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында сүттүн баасы арзан болуп жатат

6 Август 2015 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны: 109

Айылда бир нече сүт кабыл алуучу жайлар иштейт.Алар айыл тургундарынан сүттү кабыл алып сүт заводдоруна өткөрүшөт.Азыркы учурда 1литр сүт 9 сомдон кабыл алынууда.

image

Сүттүн арзандап кетиши айыл тургундарынын нааразычылыгын жаратты.Бул тууралуу Атыргүл Кылычбаева өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
«Сүттүн арзандашы бизге жаман болду. Мен буга каршымын. Айыл ичи негизинен сүттүн акчасы менен жан багышат. 9 сом болгону өтө эле арзан».
Эмне себептен сүттүн арзандап кеткендигин үчүн билүү үчүн сүт кабыл алуучу жайда эмгектенген Майрам Сакыбаева кайрылдык: «Кыргызстан бажы биримдигине кирип жатканына байланыштуу сүттөрдөн чыккан азыктар азыр катуу текшерүүдөн өтүүдө ошондуктан сүттөр коңшу  мамлекеттерге чыкпай арзандады».

image

Тасма айылынын тургундарынын негизги киреше булагы сүт болгондуктан, сүттүн кымбатташы абдан маанилүү.

      Tasmada-sut-arzan-boluuda-

Даярдаган: Алина Санжар кызы.
Нур FM жамааттык мультимедиа борбору.