"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында сүт азыктары даярдалууда

7 Август 2015 жыл 9:19
Көрүүлөрдүн саны: 74

 

image

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы жумушсуз келиндер жамааты түзүлүп, сүттү кайра иштетүүдө. Сүттүн бир литрин 10 сомдон алып, сыр, быштак, каймак, брынза жана ар кандай 15 түрлүү сүт азыктары даярдалат.

Бул жаамат жасаган азыктарды сатуу менен элди табигый, пайдалуу азыктар менен камсыз кылып, андан сырткары өздөрү да жумуш менен камсыз болушууда.

image

Айыл тургуну Сагынай Осмонакунова бул жааматта иштөөдө. Анын айтымына элдер сүттөрүн жөн гана өткөзүп коюшпастан, андан даярдалган сапаттуу азыктар менен камсыз болушууда  деп билдирди.

image

«Элден сүттү алганда атайын текшерип алабыз. Сүт таза болсо ошол менен жасайбыз. Биз Чолпон-Ата менен иштешип жатабыз. Заказ келсе сүттү көп алабыз. Учурда брынза, сыр, йогурт, каймак жана сливки, сары май да жасап сатып жатабыз. Каймакты биз базардан сатып алсак чийки болот, бышпаган каймакты жегенде ар кандай оорулар бруцеллез сыяктуу ооруулар жугушу мүмкүн. Сатканда базардын баасынан арзаныраак кылып сатабыз. Элдер кубанып жатышат мурда быштак жасагандан эригип жебей калганбы,з азыр жеп жакшы болуп калды», — деп билдирди Осмонакунова.

image

Бегайым Шералиева жергиликтүү жашоочу. Бул сүт азыктарын дайыма колдонуп жатканын жана сапаты жогору экенин, өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүп бул ишти дагы өнүктүрүү керек деген оюун билдирди.

image

«Быштагы даамдуу күнүнө эртен менен барып бир килограмм быштак, каймак алып келип жейбиз. Неберелериме абдан жагат быштактан эртең менен жеп калций болсун деп шаардыктардай болуп калдык. Жакшы, сапаттуу, таза», — деп билдирди Шералиева.

image

Сүт азыктарын жасаган жааматтагылар өздөрүнүнүн продукцияларын айылдагы дүкөндөргө коюп сатышууда. Дүкөнчү Нургул Кендирбаева сүт азыктарынын өтүшү боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Бул азыктарды июль айынан бери сатыкка чыга баштады. Эч кандай кошулмасыз жакшы. Айыл тургундары алып жатышат алардын чөнтөгүнө туура келет», — дейт ал.

Учурда жаамат жаңы гана иштей баштагандыктан жетишсиз нерселер бар экенин жана мындан ары айыл тургундарын таза, сапаттуу азыктар менен камсыз кылышаарын билдиришти.

image

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Айдана Саякова