"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түптө мөмө-жемиштер фестивалы болуп өттү.

8 Август 2015 жыл 21:31
Көрүүлөрдүн саны: 133

image

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында «Карагат фестивалы болууда. Бүгүн 8-август күнү мөмө жемиш фестивалда жергиликтүү өндүрүүчүлөр өндүргөн прадукцияларынан көргөзмө уюштурушту,  жана ар кандай оюн-зооктор менен коштолууда. Бул фестивал үчүнчү ирет өтүлүп жатат.

image

Ысык-Көл облустук ыйгарымдык укуктун башчысы Эмилбек Каптагаевдын айтымында фестивалдын негизги максаты багбанчылыктын маданиятын өнүктүрүү. Биздин өзүбүздүн брендибиз болуш керек Жакын арада чек ара ачылат ошого даярдык болуш керек, ачылганы бул чет өлкөгө алып чыгууга  мүмкүнчүлүк ошол мүмкүнчүлүктү колдонуш үчүн биз көп аракет кылуубуз керек деп билдирди.

image

«Биз азыр тигип койсок эле өсө берет анан жыйнап алып сата беребиз деп ойлойбуз жок андай эмес кантип туура өстүрүү керек, кантип туура кам көрүш керек экенин элдерге жайылтыш керек. Бул праектин башаты ушунда бугачейин мындай максаттуу праек болгон эмес.»-деп болдирди Каптагаев.
     Бул фестивалдын катышуучусу Гүлнура Токторбаева Барскондон келген бүгүнкү көргөзмөгө айылында өскөн мөмө- жемиштерин жана колго жасалган кийиз буюмдарын алып келген. Анын айтымында жылдагыдан элдер көп түшүнүп, билишип сатуучулар да, алуучулар да көп деп билдирди:
«Көлдө айдалган жер-жемиштердин көргөзмөсүн уюштуруп жаткандарга ыраазымын. Бүгүн элдер абдан көп жалаң гана колго жасалган прадукцияларын алып келишти элдер кызыгып алып жатышат чет элдиктер келип дагы алышууда.

image

Өзүбүздүн жашообузга да чоң таасирин тийгизип жатат.»-деп билдирди Токторбаева.
Түп районун Түп айылынан «Ак-шууру»атуу жааматтын жетекчиси Клара Алышпаева бул фестивалга экинчи ирет келип жатканын билдирди. Ал бүгүн көргөзмөгө өздөрү жасаган кийиз өтүк, кыздын себин жана ушул сыяктук колго жасаган буюмдарын алып келген.

image

«Бүгүнкү фестивалдын уюштууру жагы эң соонун болуптур. Биз өзүбүз жасап келген кийиз бут кийимдер жакшы өтүп жатат. Андан сырткары биз башка жааматтардын жасаган иштерин көрүп тажрыйба алмашууга да эң жакшы мүмкүнчүлүк болууда»- деп билдирди Алышпаева.
Фестивалда окуучулардан түзүлгөн ыктыярчылар Балыкчыдан келишип катышуучуларга ар кандай сүрөттөрдү тартып берип жатышты. Алардын бири Бермет Акунсартова

image

«Бүгүнкү фестивал аябай соонун болуп жатат бизге жакты. Мурда дагы катышып жүргөнбүз бирок бул жолу өзгөчө болуп жатат көңүлдүү.’-деп билдирди  Акунсартова.
Карагат+  бул Ысык-Көл облусун комплекстүү эканомикалык өнүктүрүүнүн праграммасы.»Кумтөр Голд Компанини» «Карагат Плюс» долбоорунун спонсору.
Кэлерки жылы өтүүчү бул фестивалды эстафета кылып Ак-Суу районуна берилди.

Даярдаган:Айгерим Кубатбекова