"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Тасмада жайкы талаа иштери аяктады»

22 Сентябрь 2015 жыл 18:59
Көрүүлөрдүн саны: 181

Тасмада  малга тоюут, буудай, арпа, чөптөрдү жыйноо иштери аяктады.
Былтыркы жайкы түшүмгө элдер нааразы болушкан.Себеби суу жок,
күн ысык болгондуктан эгиндер күйүп кеткен.Быйылкы жылы былтыркыга салыштырмалуу эгин жакшы болду дешет айыл тургундары.
Айыл тургуну Мейманкул Сооронбаевдин айтымында мээнет кылып баккандардын эгини жакшы чыкты ал эми бакпаган,  жерди иштете албагандардыкы, суугарбаган элдердин түшүмү орто  болду  деп билдирди:
image

«Быйылкы түшүм кудайга шүгүр.Себеби былтыр кургакчылык болгон.Эми быйыл жаан-чачын болду,сугандардыкы түшүмү жакшы болду.
Начар деле болгон жок.Эң негизгиси каражат жетишпегендики орточо болуп калды.Ал эми каражат бар,иштеткендердики,алардыкы жакшы болду»-деп билдирди.
Быйылкы жайкы талаа иштерин аткарууда комбайынчылардын иши чоң болду. Жерди гектарына миң сом алышты Былтыр тургундардын эгини аз чыгып, комбайындын акысы да жогору болду деп тургундар нааразы болушкан эле.
Учурда айылда 12дей комбайн бар. Комбайынчылардын бири Эрлан Болотбеков 5 жылдан бери комбайн айдап элдердин түшүмүн жыйнап иштеп келет. Анын айтымында былтыр элдердин түшүмү начар чыгып калып түшүмү камбайындын акчасын актабай калган деп билдирди:
«Жайкы талаа иштери жакшы болду.Эл үчүн дагы.Былтыркыга караганда жакшы эле түшүм берди.Баасы миң сомдон болду.»
  Айыл тургуну Албан Кожокевдин быйыл жазга жеткендей кенен малга тоют даярдаганын айтат:
image

» Быйыл түшүм кудайга шүгүр жакшы болду. Былтыр малга чөп жетпей жазында малдар көтөрүм болушкан эле, быйыл чөп жакшы чыгып кенен даярдадык»
  Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова. Айдана Саякова. Рыскулбек Тилеков                         Бакберген Албанбай уулу