"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:»Учурда немес тилине суроо-талап кандай?»

24 Сентябрь 2015 жыл 5:39
Көрүүлөрдүн саны: 114

      Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектепте немец тил сабагы  40 жылдан бери окутулуучу, аны менен катар англис тили сабагы да өтүлөт. Бирок акыркы убактарда предметтик олимпядаларда немес тил сабагын алып салышкан, ата-энелер дагы учурда дүйнөлүк тил англис тили деп немес тилинине болгон окуучулардын кызыгуусун азайтышууда. Учурда район боюнча 3-4 мектепте гана немес тил сабагы окутулат. Аталган мектепте дагы бул тилде окуган айрым класстар кыскарууда.
Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Мамытовдун айтымында бул тилдин кыскаруусунун негизги себеби учурда англис тили дүйнөлүк тил деп эсептелип көпчүлүк окуу- жайларда чет тили катары англис тили окутулушунда. Райондогу баардык мектептерде англис тили киргизилген порофил англис тилине басым жасалып калган деп билдирди:
«Немес тилинин такыр эле кыскарып кетишине мен каршымын, Мисал үчүн кээ бир окуу жайларда немес тили окутулат  ал жакта суроо талап бар.»‘-деп билдирди мектеп мүдүрү.
Аталган мектептин немес тил сабагынан берген мугалими Ширин Жанекова немес тилине кызыгуу мсданияты кетти дегенге кошулбайт себеби окуучуларда немес тилине болгон кызыгуу дагы да болсо күчтүү. Бирок биздин мамлекетте немес тили китептеринин жетишсиздиги, бул предмет боюнча окуу праграммасынын жоктугу биздин мектептеги немес тил сабагынын кыскаруудуна алып келүүдө деп билдирди:

image

» Немес тилин окутулбашына кошула албайм себеби биздин мамлекетке Германия тарабынан көптөгөн жардамдар берилип келет. Борборубуз Бишкек шаарында көптөгөн техникалык окуу жайларда  германиялык факултеттер бар алар Берлиндин эң жогорку универистеттери менен байланышта болуп жыл сайын ал жака 30-40тан студентер барып билим алып келишүүдө. »
Айыл тургуну Эркинбек Көчөрбаевдин эки кызы Германияга барып билим алып келишкен анын айтымында Канча тил билсе ошончо жакшы бир чети башка өлкөгө барып ал өлкөнүн маданияты менен таанышып келишет деп билдирди:
«Менин эки кызым ушул мектептен немес тили боюнча жакшы билим алышкандыктан ушул бсгытта окушуп билим алышкан. Учурда бир кызым тур агентстводо немес тилинен котормочу болуп иштейт. Немес тилин үйрөнүнүн келечекте балдарга кереги жок дегенге кошулбайм»
Сопиев мектебинин 10-классынын окуучусу Айдана Кеңешбек кызы учурда немес тилин кызыгуу менен окуурун келечекте дагы өркүндөтүп үйрөнүп Германияга барууну кыялданарын билдирди:

image

«Учурда немес тили өнүгө баштады деп ойлойм. Немес тилин жакшылап өздөштүргүм келет, мурдагыга караганда жакшы үйрөнүп калдым.»-деп билдирди.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
                      Саадат Турдуматова.