Тасмада курман айт майрамы майрамдалууда. Айыл тургундары курман айтты жана орозо айтты кыргыздардын чыныгы майрамы деп эсептешишкендиктен бул майрамды өтө жакшы маанайда майрамдачаарын билдиришти.
Бир жылда бир майрамдалуучу бул майрамды алгач мечитке барып айт намазын окуп алышып андан соң, туугандарыныкына барышып конок болушат.
Айт намаз болуучу айылдык мечит.
Айыл тургуну Исаев Азиздин айтымында бул майрам эң жакшы өтүүдө майрам мусулмандардыкы болгондуктан ар бир мусулман майрамдайт деп билдирди:
«Бүгүн маанайым эң соонун буйурса. Курман айтты жакшы майрамдоодобуз»
Айылдын кары адамдарынын бири Үмөталива Эркингүл апанын айтымында ар жылы майрамдалуучу бул майрам быйыл өзгөчө болууда себеб баарынын көңүлү куунак ар бир үйгө кирсең жайыл дасторкон түркүн түрлүү тамак аш жайылып турат деген оюун билдирди:
» Баардык элдин тилегени келе каткан шайлоо курман айт дагы быйыл шайлоого жакын болуп калыптыр баардыгы тынч жакшы өтүп кетсе экен элибизде бейкуттук болсо экен деп тилешүүдө»
Айыл тургуну Эркинбай Молдобаев быйыл курман айт майрамын туугандарын чакырып курмандык чалып майрамдап жатышканын билдирди:
» Быйыл курман айтты өзгөчө майрамдоодобуз майрамга жараша күн дагы чайыттай ачык»
Курман айт күнү бул кутучага салынган акчалар, колунда жокторго, жалгыз жашаган адамдарга берилет
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
Адина Игнатбекова.