"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: «Мектеп форма боюнча бир чечимге келишти»

26 Сентябрь 2015 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 249

 

image

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Асан Сопиев атындагы мектебинде окуучулардын мектеп формасы чечилбей бири арзан форма фартук кийгизеле десе, кээ бири ак кара форма жакшы сатыкта  көп дешип  айрым ата-энелер болсо жаңы бирдиктүү формага өтөлү деп жатышкан. Акыры бул маселе чечилди көрүнөт  мектеп админициясы менен ата-энелер чогулушунда баардыгы бир чечимге келишип ак кофта кара юбка кийгизүүгө токтолушту. Бул формага өтүүнү жаңы жылга чейин мөөнөт коюшту.
Сопиев мектебинин завуч Шалтабаева Кундуздун айтымында бул мектеп ак кара формага ата-энелер эжей-агайлар менен бирдикте 1-сентябрдан тартып сүйлөшүүлөрдөн кийин аныкталды деп билдирди:
» Бүткүл дүйнөдө ак кара негизинен баардык жерлерде үстү ак асты кара ар кандай иш каналарда офисиалдуу кийим болуп эсептелинет ошондутан биздин мектеп ушундай формага токтолгону жакшы болду»
Аталган мектептин мугалими Венера Жаманакова  кесиптешин колдоп биз тандаган форма окуучуларга эң соону жарашат жана сатыкта дагы көп деген оюун айтты:
«биринчиден баардыгы бирдей болуп бир өңчөй болушат. Азыр кийимдердин сапаты анча жакшы эмес бирок акчасы кымбатыраак формалардын сапаты дагы жакшы
  Айыл тургуну ата-энелердин бири Белек Саадабаевдин тандаган форманы колдоорун жана бул форманы сатып берүү дагы анча маселе жаратпаарын билдирди:
«Бул форманы тандап алуу эң жакшы тандоо болду себеби окуучулар менен мугалимдердин кийингенде айырмасы жок болуп калган. Окуучулар ак кара формага өтүүсү алардын окуучу экенин айырмалоочу кийим болот»-деген оюун айтты.

image

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.
Кишимкан Рысбек кызы. Нуржамал Улан кызы. Нестан Өмүрбек кызы.