"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада окуучуларга китеп жетишпей жатат

9 Октябрь 2015 жыл 16:52
Көрүүлөрдүн саны: 101

image

Түп районунун Тасма айылдагы Асан Сопиев мектебинде окуучуларга китеп жетишпей келүүдө. Ата-энелер балдарына китеп жетпегенине нааразы болушууда. Мектеп китепканачысынын билдирүүсүндө, башка мектептерге салыштырмалуу 70% китеп менен камсыз болгон.

Айыл тургуну Айсалкын Кашабеванын учурда төрт небереси мектепте окуйт. Кашабаеванын айтымында, китептер жетишпесе балдар эч кандай билими жок мектепке барышат. Анткени айылда мектепке окуучу даярдаган бала бакча жок.

Мектепте китептин жетишпегени билим сапатынын төмөндөшүнө алып келүүдө, ошондуктан тиешелүү адистер мектептерди китеп менен камсыз кылышса деген оюн айтат ал.

«Китеп жетишпесе биз шаардыктардай болуп сатып бергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок болууда. Себеби алардын бирден, экиден гана балдары бар. Айыл жергесинде болсо беш-алтыдан балдар бар. Азыр китептер дагы кымбат турат экен. Ошондо биз аларга кийим алып беребизби, же китеппи?» — деп суроо салат Кашабаева.

Сопиев мектебинин китепканачысы Жамийла Ашырбаеванын айтымында, китеп маселеси баардык жерде бар. Мектеп китепканасына 2014-2015-окуу жылында 300дөн ашуун китеп келип түшкөн, деди ал.

image

«Учурдагы китептердин мукабасы мурдагыга салыштырмалуу сапатсыз. Окуучулардын арасында китептерди начар колдонгондору дагы бар», — деп билдирди Ашырбаева.

Сопиев мектебинин 7-классынын окуучусу Сайкал Нурлан кызына китеп жетпей калган. Мындан улам кандай кыйынчылыктарга туш келип жатканын төмөнкүчө айтып өттү.

«Мага учурда эки китеп жетпей калган. Китептин жетишпей калганы үчүн кээ бир учурларда тапшырма аткарбай калуудамын. Ата-энем болсо китеп сатып бере алышпайт. Себеби менден кичүү бөбөктөрүмө дагы жетишпей калган. Баарыбызга китеп сатып алып бере албайт. Эгер мага алып берсе, келерки жылы керексиз болуп эч ким уруна албай калат», — дейт Сайкал.

Даярдаган: Айжан Жамаева

«Сынак үчүн»