"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада түшүм майрамы болуп өттү

10 Октябрь 2015 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны: 193

image

Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Жыл сайын күздө майрамдалуучу бул күн быйыл салыштырмалуу өзгөчө болду дешүүдө тургундар.

Майрам окуучулар арасында сынак түрүндө болду. Ар бир класскка ар кандай  мөмө-жемиштер бөлүнгөн. Окуучулар өздөрү тандаган мөмөжемиш туурасында айтып беришип, ошол мөмөдөн ар кандай нерселерди жасашкан. Андан сырткары майрамдын жүрүшүндө ар кандай кызыктуу оюундар уюштурулду.

Сопиев мектебинин мугалими Кундуз Турдалиеванын айтымында, бул майрамдын окуучуларга ар тараптуу пайдасы бар. Дыйкандардын бир жылдык эмгегинин жыйынтыгы, мөмө-жемиштердин пайдасы, касиеттери жөнүндө билип алышат дейт ал.

«Быйылкы майрамга окуучулар өтө атаандашуу менен даярданышыптыр. Бардыгы жакшы маанайда өткөрүштү. Бул майрамды өзгөчө кылып уюштурууда мектеп парламентинин эмгеги чоң. Жыл сайын ушундай өзгөчө дешгээлде уюштуруп турса окуучулардын мектептеги жашоосу кызыктуу болот», — деди Турдалиева.

Бул майрамда 7-б класс 1-орундун ээси болду. Класс жетекчи Айым Бегимбаева окуучулары менен бирдикте ийгиликке жеткенин жана кубанычын жашырган жок.

image

«Майрам аябай жакшы өттү. Окуучуларым өздөрүнө келген жемиш туурасында изилдөө иштерин жүргүзүштү. Интернеттен, энциклопедиялардан издеп даярданышты», — деп билдирди Бегимбаева.

Аталган мектептин 6-классынын окуучусу Айдана Алтынбек кызына майрам өзгөчө жакканын жана классташтары менен даярданышкандарын айтып өттү.

«Бүгүн баарыбыз көйнөктөрдү кийип көңүлдөрүбүз эң жакшы. Түшүм майрамдагы кызыктуу оюндар өзгөчө болду. Биз бүгүн күндө колдонуп жүргөн мөмөлөр туурасында кызыктуу маалыматтарды ала алдык», — деди Айдана.

image

Майрамдын соңунда класстарга оорундар берилип 7-б класс 1-орун, 7-а класс 3- орун, ал эми 5-б класс 3-орунга ээ болушту. Андан сырткары эң мыкты фантазия жасаган окуучулар аныкталып, дипломдор менен сыйланышты.

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова.

«Сынак үчүн»