"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасманын Умай энеси Кекил Ишенбаева

12 Октябрь 2015 жыл 12:13
Көрүүлөрдүн саны: 110

image

Тасма айылынын тургуну Кекил Ишенбаева учурда 67 жашка келип калды. Кекил энени айыл тургундарынын бардыгы таанышат. Себеби кандай гана оору болбосун ага кайрылышат.

Айылга дарыгер болуп келгенине 50 жыл болгон. Бирок 12 жыл мурда эс алууга чыккан. Ага карабастан бейтаптар Кекил энеге кайрылышат.

Айылдыктар Кекил энени «профессор» деп атап коюшат.

image

Кекил эненин кошунасы Карачач Урманбетованын айтымында, көп жылдар бою чогуу жашашкандыгын жана Кекил эне көп кишинин сообуна калды дейт.

«Кекил — Умай эне. Ал бир гана биздин айылга эмес, коңшу айылдарга да таанымал. Кекил жөнүндө айта берсе сөз көп. Аябай эмоцианалдуу, жигер, иштерман, аябай таза, келиндерге үлгү болчу эле. Аял колунан да, тилинен да келет. Кишинин көңүлүн калтырбайт. Элге алгылыктуу, ак көңүл, колу жеңил. Умай эне деген эле өзү канчалык бийик турат», — деп билдирди Урманбетова.

Кекил эне өзүнүн иш жолун айтып отуруп учурда төрөт кабыл албай калганын жана акыркы жолу белинен ылдый иштебей калган оорулуу келинди үйүнөн төрөткөнүн учурда ал кыз 6 жашка чыгып калганын билдирди:

«Училишаны бүтүп эле Тасмага келгем. Ошол убактан баштап элди даарылап иштеп жүрдүм, учурда 12 жылдан бери эс алуудамын. Менин туубаса жөндөмүм дагы, билимим дагы бар. Атайын оорулуулар чакыргандажолдо баратып эле анын оорусун сезем», — деди Ишенбаева.

Кекил эне 3000ден ашык баланын киндик энеси. Айылдын дагы бир тургуну Кишимкан Бекейова кандай гана ооруу болбосун Кекил энеге кайрылаарын айтып өттү.

image

«Бала-чакам өзүм баш болуп бир жерибиз оорууп калса эле Кекил жеңеме чуркайбыз. Кекил эненин колу тийсе эле баарыбыз айыгып калабыз. Кекил эненин өмүрүн узактыгын, ден-соолугун, бул жашоодо кор болбошун тилейм», — деп билдирди Кишимкан апа.

Кекил эне учурда эки кыз бир уулдун энеси жана алты неберенин бактылуу чоң энеси.

Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова, Ширин Акунова.

«Сынак үчүн»