"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында алтын күз

13 Октябрь 2015 жыл 10:42
Көрүүлөрдүн саны: 133

Tasma_Kuz (3)

Күз мезгили келип Тасма айылы быйыл өзгөчө кооздукка бөлөнүүдө. Жылдагыдан айырмаланып быйыл күн жылуу болуп, эгиндер мол болду, дейт айыл тургуну Майрамкүл Ысмагулова.

Tasma_Kuz (10)

“Быйыл жаз мезгилинде иштегенибизди күз мезгилинде жыйнап, баарын топтоп,  Алла берген түшүмдү жыйнап алдык. Баары жакшы, ойдогудай болду. Күз мезгили быйыл жылуураак. Элдин баары түшүмдөрүн жыйнап бүтүштү. Жакшы жыйнап алышты, каргага алдырбай. Ошол биздин жакшылыгыбыз”, — дейт Майрамкүл Ысмагулова.

Tasma_Kuz (7)

Бирок кандайдыр бир себептерден улам күз мезгили мен үчүн оор, күз келсе эле ден-соолугум начарлайт, дейт тасмалык Абдразак Асанбаев.

Tasma_Kuz (9)

“Себеби күз келсе эле “Бруцеллез” оорум козголуп ооруйм. Быйыл күздүн мойну узун болот. Кайыңды карасаңар түбү саргайып баратат, үстү саргайбай эле. Бул болсо кыш кеч келет дегенди билдирет”, — деген оюн айтты Асанбаев.

Tasma_Kuz (6)

“Мен алма терем, картошка терем, алмурут терем. Анан жалбырактар сары болгону жагат. Күзүндө түшүм майрамы болот. Классташтарым менен жалбырак чачышып ойнойм”, — деп күз жөнүндө оюн бөлүштү 3-класстын окуучусу Хамза Эсенканов.

Tasma_Kuz (5)

Былтыр кургакчылык болсо, быйыл жаанчыл болуп жакшы тушүм алдык, дейт Кыдырмыш Масылов.

Tasma_Kuz (1)

“Күз мезгили мен үчүн токчулуктун, молчулуктун айы дыйкандар жазында айдап сепкен эгиндерин кубануу менен жыйнап аткан учур”, — деди Масылов.

Даярдагандар: Айдай Амантурова, Айдана Саякова, Нуржанат Советбек кызы

Сынак үчүн