"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада башталгыч класстын мугалими министрден ардак грамота алды

13 Октябрь 2015 жыл 10:17
Көрүүлөрдүн саны: 94

 

20151007_231934

Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин мугалими Анара Жаркынбаева Билим беруу министринин ардак грамотасына ээ болду. Жаркынбаева аталган мектепте башталгыч класстын мугалими  болуп 36 жылдан бери эмгектенип келет.

Буга чейин Жаркынбаева мектептик, айыл өкмөттүк жана райондук грамоталарга татыктуу болуп келген.

Ал өзүнүн кесибин сүйөөрүн жана балдарга билим берүүдөн ырахат алаарын билдирди. Окуучулар менен ар кандай кызыктуу окуялардын бири менен бөлүшө кетти.

“Алиппе үйрөтүп жаткан учурда “шаты” деген сөздү муунга бөлүп окутуп жатканда, эмне болду деп сурасам “тепкич” деп жооп беришкен эле. Дагы толтура кызыктуу окуялар болгон. Буга чейин деле грамоталарга ээ болуп келгем. Бул жолкусунда Элвира Сариеванын колунан көптөгөн эл агартуунун отличниктери барган конференцияда сыйлык алуу мен үчүн сыймык болду”, — деп бөлүштү Жаркынбаева.

“Быйыл окутуп жаткан окуучуларым 4-класс болушту бул окуучулар бутуп кетишкенден кийин эс алууга чыксам деген оюум бар”-деп кошумчалады Жаркынбаева.

Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Мамытовдун айтымында, 5-октябрь мугалимдер күнүнө карата сыйлык тапшырууга мугалимдер жамааты Анара Жаркынбаеваны сунуштаган. Жамаат башталгыч класстын мугалими болуш оңой эмес экендигин белгилеп, сыйлыкка татыктуу деп көргөзүшкөн.

20151007_231230

“Жаркынбаева 2014-2015-окуу жыл ичинде Билим берүү министри тарабынан сыйлыкка татыктуу болду. […] Эң негизгиси башталгыч класстарга мугалим болуш өтө оор. Дайыма таза, тыкан, окуучулар менен мамилеси абдан жакшы. 36 жыл деген эмне деген жыл. Демек сыйлыкты бекер жерден алышкан жок, татыктуу болчу”, — деп билдирди Мамытов.

Аталган мектептин география мугалими Ороз Саадабаев эжей менен көп жылдан бери чогуу иштегенин жана сабактарды көргөзмөлүү кылып кызыктырып өтөөрүн билдирди.

“Анара ата-энелер, окуучулар жана кесиптештеринин арасында кадыр баркка ээ. Дайыма адамдарга жумшак мамиле жасайт. Анын шайыр мүнөзү жагат”, — деди Жаркынбаеванын кесиптеши Саадабаев.

Айыл тургуну Нургүл Кендирбаеванын кызы учурда жогорку окуу жайда билим алат. Кендирбаева бул үчүн Анара эжейдин салымы чоң деп эсептейт.

20151007_233624

“Анара эжей менин кызымды 1-4-класска чейин окутту эле. Быйыл алар 11-классты аякташты. Көпчүлүгү жогорку окуу жайга өтүштү. Анын ичинен менин кызым дагы борбордогу медицина академиясына өттү. Буга эжейлердин анын ичинде Анара эжейдин жардамы чоң деп ойлом. Анара эжей мектепте ата-энелер менен байланышта болуп окуучуларга болгон тарбиясы, билими чоң”, — деп айтып өттү Кендирбаева.

Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова, Адина Игнатбекова

Сынак үчүн