"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Акмарал -конушунан билим алуу үчүн 4-км аралыкты басып окушат

15 Октябрь 2015 жыл 17:26
Көрүүлөрдүн саны: 48

Ысык-Көл облусуна караштуу  Тасма айылынын чет жагында Акмарал конушу жайгашкан,бул жерден мектепке чейинки аралык 4-км ага карабастан окуучулар барып келип окушат.

Айсулуу Карымшакова Сопиев мектебинин окуучусу анын айтымында окууга бара жатканда көпүрө болбогондуктан  сууну кечип өтүүгө да туура келет,  кээде мектепке ооруп келбей калгандыгын айтса мугалимдер түшүнбөгөнүн айтып  буларды баяндайт

20150922_184533

“Менин үйдон мектепке чейинки жолум мага жакпайт, антткени суу кечип ооруп калабыз ата-энелерибиз биз үчүн азап тартышат, бирок биз азыр чоңоюп калдык.Кээде суу кечпей жээктеп барганда кечигип калабыз,мен ойлойм  Тасмалыктар негизи эрте барыш керек да.Карап турсан биз келгенден кийин кечигип келишет,кээде бөбөктөрүбүз болуп кышында кеч чыгабыз анан кечигип калабыз.Мугалимдер кечиккенибизде эрте чыкпайт белеңер деп урушушат,биз эрте чыкканда саат 7-де чыгабыз ошентип кээде кечигип калабыз.Байкуш кичине балдар дагы келип окушат себеби аларга да билим керек.Кээде бороон болгондо ат менен мектепке келебиз”

Сопиев мектебинин класс жетекчиси Айымбүбү Бегимбаеванын классында 2 кыз окуйт бул туралуу мугалим буларга токтолду.

“Мен ата-энелерге күнүгө бирден кезектешип, балдарыңарды унаа менен алып келип тургула десем болушпады.Биринчиден окуучулар кун суук болуп жаан,каар жааган күндөрү  келе албай калышат.Себеби жол алысыраак жолдо ар кандай нерселер болот ошондуктан сабака келе албай калышат”деген оюн билдирип өттү.

Акмарал –конушуунун тургуну Индира Кудабаевнын  учурда 2 баланын энеси 1 баласы мектепке барат. Балдары мектепке барып жаткан жол жаман экенин айты ата-энеси нааразычылыгын билдирди

20150922_194408

 

Биз өзүбүз демөөрчү болуп көпүрө куруп берсек айылдыктар уурдап кетишкен,андан кийин кайра кура албай калдык.Ошентип балдарыбызга барып келип окуш кыйынга турууда”-дей Кудабаева.   

Даярдагандар:Айдана Саякова,Нуржанат Саветбек кызы

“Сынак үчүн”