"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада пенсия көбөйүүдө

15 Октябрь 2015 жыл 21:00
Көрүүлөрдүн саны: 268

       Ысык-Көл облусунун Туп районуна караштуу Тасма айылында пенсия көбөйүүдө.Бирок  пенсия алуучулар дагы деле нааразычылыктарын билдирди .Кээ бири акча көбөйгонү жакшы бирок стажга караган жок деп билдиришүүдө .Ал эми пенсия бөлүп берүүчулөр пенсия алуучу  өзү жаңылгандыгын баяндайт.

 

20151013_093947Пенсия алуучулардын бири Качкын Байсариева иштеген ишин кылган эмгегин  эсептебей койгонун айтып нааразы экенин билдирди.

Мен азыркы убакта акча кошулганы менен 2400 алам .Ал эми кошулганга чейин 1800 алчумун.Акча кошулганы  жакшы ,бирок менин стажым кошулбай калган мен мал кайтарып иштегем  буга акча кошкон жок”

20151013_101511

Ал эми Түп райондук  пенсия бөлуп берүүчү Бактияр Абакиров пенсионер башынан тактап албагандыгын жана иштеген иштерин архивге киргизбегенин ошонун негизинде билинбей калганын баяндайт.

“Бардыгы туура бөлүнүп жатат  аял кишинин  35 жылдык стажы болсо пенсияга чыгат .өзүнүн үлүш жери бар ошого акчаларын төгүп кирбей калган стаждарын жылын аныктап туруп киргизсе ошондо гана пенсия туура берилет”

Дагы бир пенсионер Күлүпа Атагулова өзүнүн пенсиясы эч нерсеге жетпегендигин билдирүүдө.

IMG_6726 “Пенсияны көбөйгөнү жакшы болду бирок бул дагы аз, менин алган пенсиям  биздин тамак ашка жетпейт .Азыр азык- түлүк кымбат дагы кошсо болмок”-деп билдирди.

Даярдагандар: Алина Санжар кызы, Гүлзар Курманбек кызы, Айжан Жамаева.

«Сынак үчүн»