"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасманын кадырлуу карыясы Асанакун ата

15 Октябрь 2015 жыл 16:45
Көрүүлөрдүн саны: 145

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Асанакун  Дүйшөбаев учурда 79 жашта. Жашы улгайганына карабай баскан-турганы, сүйлөгөнү тың дешет айыл тургундары. 

20151007_140829Ал көптөгөн кесиптердин ээси болуп Түп аймагында эле эмес Кыргызстандын  ар кыл жерлеринде эмгектенген. Азыр эс алууда өзүнүн чакан агородунда чарба иштери менен алектенгенди жакшы көрөт. Ата учурда 11 баланын атасы жана 25 неберенин чоң атасы.

Асанакун Дүйшөбаевдын айтымында канчалык эмгектенсең үзүрүн көрөсүң. Асанакун ата Тасма 7жылдык мектебинен окуп андан соң, Арал айылында 10-классты бүтүргөн. 1955-56-жылдары Фрунзедеги мамлекеттик университетинин география факултетине өтүп,  аны ийгиликтүү бүтүргөнүн айтат. Андан соң ата  Чоң-Алай районундагы  Дарават коргон орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген, иш жолун Тасма айылындагы калхозго келип башкы эканомис болуп иштеп дагы айылдык, райондук кызматтарда иштеп келген 2 жылдан бери эс алууда экенин билдирди.

“ Азыр үйдөгү жумуштар менен алектенем, огороду карайм отойм, суугарам көптөгөн жашылча жемиштерди өстүрөбүз. Үйдөгүлөргө жардам берем, бош отурганга убакыт жок. 5 убакыт намаз окуйм. Кудайга шүгүр ден-соолук жакшы балдарга, неберелерге тарбия берип эс алуудамын. Ден-соолук болсо эмгектениш керек,  жалкоо болбош керек! Жок шылтоо айтып бекер жаткандарды мен түшүнбөйм эң жок дегенде телевизор көрүп, газета окуп, радио укса кандай деген жаңылык менен камсыз болуп көңүлүң ачылат”,-деген оюн айты Дүйшөбаев.

Ата менен бою чоогу 60 жыл жашап, кайсы жерге барбасын чоогу колдоп турган Жакшылык Асанова  абышкасы тууралу буларды айтат.

“ Асанакун өтө эмгекчил, ар дайым чындык үчүн күрөшөт.  ”

Асанакун ататын кошунасы Динара Сыдыкова  кошунасынын багбанчылык жөндөмү жогоруу экенин дагы кошумчалады. Огородуна баардыгын өстүрөт карагайлар, алманыны түрлөрү, абрикос, жаңгак андан сырткары бадыраң, памидор жашылчаларды дагы жакшы кылып өстүрүп адарын белгиледи.

20151007_141313

“ Асанакун ата эң биринчиден өтө эмгекчил. Элге алкылыктуу, айылыбыздын кадырлуу карыяларынын бири”-деп билдирди Сыдыкова

Атанын баласы Эркинбек Дүйшөбаев атасы туурасында төмөнкүлөргө токтолду.

20151007_140724

“ Атама дайыма жардамдашып турам, негизи эле ар бир бала ата-энесинин айтканын угушу керек. Мен атамдын эмгекчилдигин, иштермандыгын, чынчыл, акыйкатчылдыгын баалайм жана  өзүмө үлгү катары кабыл  алам”- дейт Асанакунович.

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Нуржанат Саветбек кызы.

«Сынак үчүн»