"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада алгачкылардан болуп КМС алган спортчу

17 Октябрь 2015 жыл 17:57
Көрүүлөрдүн саны: 183

       

20151008_215557     Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айбек  уулу Чынгыз гре-корим күрөшү менен үч жылдан бери алектенип келет. Обллус биринчи орунду, Республика жана Казакстандандан үчүнчү орунду ээлеп, Чолпон –Ата шаарынан КМС  (кондидат мастер спорт) наамын алган.

Чынгыз Айбек уулу  грек-рим  курошу башка куроштордон  бир топ эле оор экендигин, жана  спорт менен алектенүү ден-соолука пайдалуу экенин айтып өттү:

20151008_210653

     “Мен спорт менен алектенгениме төрт жылга жакындап калды. Төрт жылдан бери көптөгөн ийгиликтерге жетиштим, эң биринчи катышканда шыгым жок болчу, бир-эки жумадан кийин үйрөнө баштадым. Буга чейин көптөгөн ийгиликтерге жетишкем. КМСтин грамотасын облус боюнча мен эле алгам. Алып жатканда агайларым, өзүм аябай сүйүнгөнбүз– деп билдирди өзүнүн оюн.

    Спротчунун апасы  Завира Атантаева баласы менен сыймыктанаарын, ар бир жеңишин тең бөлүшүп колунан келишинче колдоп тураарын, жеңишине кубанычын жашырган жок.

   “Баламдын күрөшкө катышуусуну болгон аракетибизди жумшайбыз, машыгууларына баргызабыз , ата-эне балдарына кандай кам көрсө биз дагы ошондой эле кам көрөбүз. Бардык керектүү нерселер менен камсыздап турабыз, спорт менен алектенгени өзүнүн ден соолугуна жакшы, алыс  жерлерге барганда пайдасы тийет” – деп айтты.

Мектептин дене тарбия сабагынан берген мугалими Тилекмат Атагулов  Чыңгыздын грек-рим күрөшүнөн машыктыруучусу. Спорт боюнча балдарды машыктыруу менен алты жылдан бери алектент жана Чыңгыз тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

20151008_215454

“Чыңгыз өтө талантуу бала эмгекчил. Ар дайым машыгууга келип турат калтырбайт убагында”-деп билдирди Атагулов

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова.